Журналисты
Жаңылыктар

Нарында жергиликтүү журналистти район акими телефондон коркутуп-үркүтүүгө алган

Кочкор районунун акими Темирболот Абыкеев “Турмуш” сайтынын аймактык кабарчысы Канышай Шарше кызын телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүгө алган. Мындай маалыматты кабарчы өзү “Журналисттер” КБнын өкүлүнө телефон аркылуу билдирди.

14-сентябрь күнү “Турмуш” сайтына “Кочкордогу Чекилдек айылынын дыйкандары дан жыйноочу техникаларга муктаж болууда” деген аталышта кабар жарыяланган. Анда айыл тургундарынын эгиндери бышып чаба албай жаткандыктары, айыл өкмөттөн жыйынтык чыкпагандыгы, эми эгиндер күбүлүп түшүп калат деп бушайман болгондуктары учкай маалымдалган. Ал эми райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы техникалардын жетишпегендигин аба ырайынын туруктуу болбой жаткандыгына байланыштырган.

Мен айыл өкмөт менен байланыша алган жокмун. Райондук айыл чарба департаменттен бир адис жооп кылган. Анан кабар жарыялангандан кийин аким Т.Абыкеев телефон чалып, абал андай эмес экендигин белгилеп, мындай маалыматты берүүдө алдын ала айтып туруу керектигин эскертип, акырында мага катуу айта баштады. Эң өкүнүчтүүүсү жолдошумду жана жетекчисин да иштеген жеринен чакыртып аларга опулдаптыр. Бул кабарда айылдагы элдин үнү чагылдырылган, – деп билдирди К.Шарше кызы.

Кочкор районунун акими менен байланышуу мүмкүн болбоду, телефонун албады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН,
“Журналисттер” КБнын Нарын облусундагы
өкүлү

Окшош посттор

У New York Times 668 000 платных подписчиков. И другие итоги 4-го квартала 2012 года

Administrator
08.02.2013

“Журналисттер” коомдук бирикмеси Бакыт Ибраимовдун аза кайгысын тең бөлүшөт

Administrator
22.05.2013

Internews предоставляет гранты для производства телевизионных проектов

Administrator
28.08.2012