Журналисты
Жаңылыктар

Вьетнамда блогчулар түрмөгө кесилип, асты 12 жыл, арты 4 жыл алды

Вьетнам соту «мамлекетке каршы үгүт» жүргүздү деген айып менен блогчу Нгуэн Ван Хайды 12 жылга, анын кесиптеши, мурдагы полиция кызматкери Та Фон Танды 10 жылга, дагы бир блогчу Фан Тхань Хайды төрт жылга эркинен ажыратты. Сот иши болгону бир нече саатка гана созулду, деп кабарлады “Азаттык” радиосу.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун өкүлү Люси Мориллон блогчуларга карата жаза өтө оор болгонун айтып, Вьетнам бийлиги эркин жана ачык-айкын маалымат тараткандардын оозун жабууга далалаттанып жатканын кошумчалады:

– «Чек арасыз кабарчылар» уюму муну өтө эле оор жаза деп айтабыз. Бул үч блогчу эч кандай ката кетирген эмес, алар ойлорун эркин билдирип, маалыматты эркин таратууга укугу бар.

“Азаттыктын” билдирүүсүндө, блогчулар жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин дагы 3 жылдан 5 жылга чейин үй камагында болушат. Укук коргоочулар соттун бул чечими жарандык журналистикага болгон катуу кысым экенин айтып, вьетнам бийликтерин блогчуларды бошотууга үндөп жатат.

Окшош посттор

Журналиста обвиняют по пяти статьям уголовного кодекса

Administrator
04.04.2013

Интерньюс приглашает к сотрудничеству веб-дизайнера и веб-программиста для оптимизации веб-сайта ОТРК

Administrator
09.04.2014

Основатель ИА K-News Илим Карыпбеков передает агентство в другие руки

Administrator
05.09.2012