Журналисты
Жаңылыктар

Жаш журналистерди жайкы окуу лагери күтүүдө

Жаш активисттер, блоггерлер жана журналистикага кызыккандар үчүн жаңы долбоор башталды.

12-июлда, Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында “Жаш жарандардын өнүгүүсү” коомдук фондунун “Журналистикалык карьера жана медиа өнөктөштүк” долбоорунун презентациясы болуп өттү. Ага жалпы ММК өкүлдөрү катышты. Долбоор жаштар арасында уюштурулган. Негизинен улут аралык мамилелерди жана чек ара маселелерин чагылдыруу темасында окуу болот. Лагер Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында 5 күн аралыгында болот. Катышууну каалагандар 25-июлга чейин каттоодон өтүүсү керек. Толук маалыматты asker777@bk.ru электрондук дарегинен алса болот.

Жыйындын аягында Жалал-Абад облусундагы жалпы массалык маалымат каражаттары бирге иштешүүгө, кызматташууга макул болушту. Бул жаштарга жаңы жумуш таап алуу мүмкүнчүлүктөрүн да түзөт.

Окшош посттор

Международная летняя школа СМИ приглашает журналистов

admin
21.06.2012

Медиа сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн биргелешкен билдирүүсү

admin
15.02.2022

Госкомитет национальной безопасности объявил конкурс среди СМИ

admin
14.09.2012