Журналисты
Жаңылыктар

НТС: “Ата-Мекенчилердин” кылган кылыктары биз үчүн чон табышмак

“Ата-Мекенчилердин” кылган кылыктары биз үчүн чон табышмак, деп бүгүн, 28-сентябрда, НТС телеканалынын башкы редактору Айдай Ивакова “ВБ”га берген маегинде билдирди.

Эске салсак, 26-сентябрда депутаттар Бишкек шаарында 2010-жылы 7-8-апрелинде болгон талап-тоноо фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын отурумунда, НТС каналанын журналисттерин эшикке чыгарып жиберишкен. “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов, комиссиянын отурумун прессасыз эле өткөрүүнү айтып туруп алган.

Ивакованын айтымында, отурумда НТС каналынан башка маалымат агенттиктеринин журналисттери да отурушкан. Айтымында, башкы прокуратуранын өкүлүнүн отчетунан кийин, Калмаматов жана комиссиянын курамындагы Наталья Никитенко, НТС каналынын журналисттерин чыгып кетишин талап кылышкан. Алар маалымат иликтөөнүн жүрүшүнө тоскоол болот деп шилтеме берип туруп алышкан. “Муну менен катар башка ЖМКнын журналисттери тууралуу сөз айтылган эмес”, – дейт Ивакова. Комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү НТСтин журналисттерин колдошкон, бирок “Ата-Мекенчилер” маселени кабыргасынан коюп туруп алышкан. “Бул меселе 2 саат бою талкууланды. Анын үстүнө биз комиссиянын ишине тоскоол болууну каалаган жокпуз. Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов дагы бул маселе боюнча бизге өзү кайрылды”,- деди ал.

“Калмаматовдун жана Никитенконун кылгандары биз үчүн чон табышмак. Алар каналды экс-премьерге караштуу деп дайым айтып келишет.Биз кандай жол менен маалыматты башкача бере алмакпыз, түшүнгөн жокмун”,- деди редактор. Анын айтымында, комиссиянын иши, мародерчулук тууралуу НТС каналы ар дайым так маалымат берип келишкен.

Булак: http://www.vb.kg/kabr_ordo/2012/09/28/200974_nts_ata_mekenchilerdin_kylgan_

kylyktary_biz_chn_chon_tabyshmak.html

Окшош посттор

Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата «Журналисттер аллеясында» конкурстардын жыйынтыгы чыкты

Administrator
03.05.2012

Ички иштер министринин экс-орун басары “Азия News” гезитине каршы доо арызынан баш тартты

Administrator
29.05.2019

“Жаңы Агым”: “областтык кабарчыларды кызматташууга чакырабыз”

Administrator
31.01.2013