Журналисты
Жаңылыктар

ВВС жарандык журналисттерди кызматташууга чакырат

Би-Би-Синин Кыргыз кызматы жазмакер жана сүрөткер окурмандар үчүн жаңы рубрикаларды ачып жатат. Коомдогу кайсы бир окуя же көрүнүштөргө карата ой-толгооңузду жана ар ай сайын берилген тема боюнча фото-сүрөттөрүңүздү бизге жөнөтүп туруңуз.

Окурмандарыбыздын мыкты блог жана сүрөттөрүн сайтыбызга жарыялап турабыз. Каттарыңыздыkyrgyz@bbc.co.uk дарегине салыңыз.

“Сиздин сүрөт” рубрикабыздын бет ачаары катары “КҮЗ” аттуу темадагы фото-сүрөттөрдү күтөбүз. Соңку мөөнөт: 15-сентябрь. Башка авторлордун сүрөттөрүн жөнөтүүгө болбойт.

Сизди ойлондурган тема боюнча ой-толгоолоруңузду болсо Word документине сактап, жөнөтүү сунушталат.

ВВС Кыргыз кызматы

Окшош посттор

Журналисттер эмнеден абайлашы керек? Юридикалык, физикалык жана кибер коопсуздук (карточка)

Administrator
12.03.2022

Участники международной школы медиа права встретились за «круглым столом»

Administrator
16.10.2012

Международный фотоконкурс принимает работы

Administrator
11.03.2013