Журналисты
Жаңылыктар

Мелис Эшимканов атындагы фонд бильярд жана шахмат боюнча турнир өткөрөт

Мелис Эшимканов атындагы фонд 8-сентябрда журналисттердин шериктештик күнүндө, белгилүү журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналган бильярд жана шахмат боюнча турнир өткөрөт.

Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо быйыл 50 жашка толмок. Курч калемдүү журналисттин мааракесине арналган бул иш-чара 8-сентябрь күнү “Дасмия” эс алуу борборунда саат 10.00дө башталат.

Турнирге катышууну каалаган журналисттерге жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө да эшик ачык. Шахматты “чаккан”, кийди “дос” кылган кесиптештер 2012-жылдын 7-сентябрына чейин 0778 239946 (Сурат), 0550 24-45-24 (Асел) телефон номерлери аркылуу жазылсаңыздар болот.

Эскерте кетсек,  буга чейин аталган фонд  2012-жылдын 23-июнунда массалык маалымат каражаттарынын арасында кичи футбол боюнча турнир өткөрүп, жыйынтыгында “Азаттык” радиосунун футболчулары жеңүүчү болгон.

Сүрөт:article.wn.com

Окшош посттор

Вакансия Секретаря в Интерньюс

admin
01.08.2012

TMG телеканалы прокуратурага жана милицияга кайрылат

admin
10.02.2021

“24.kg” маалымат агенттиги окурмандарга кыргызча да маалыматтарды бере баштайт

admin
18.05.2012