Журналисты
Жаңылыктар

Media Literacy Сourse эми Ош шаарында

17-марттан 22-мартка чейин Ош шаарында Media Literacy Сourse өткөзүлөт.

Media Literacy Course теориялык жана практикалык сабактан турат. Ал массалык маалымат каражаттары (ММК) деген эмне жана журналисттик кесип тууралуу, ошондой эле маалыматтар менен иштөөнү: маалыматтарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ММК мазмунун анализдөөнү үйрөтөт.

Курс медиа тууралуу жалпы маалыматты гана бербестен, ар бир медиа тармактын спецификасын да камтыйт. Катышуучулар практика учурунда басма ММКлар кантип басылаарын, радио, телевидение жана жаңы медиалар кандай иштээри менен таанышат. Курстун бардык тренерлери өз тармагында мыкты адистер.

Курска катышууга журналист адистигине жана массалык маалымат каражаттарында иштегени кызыккан студенттер жана жогорку класстын окуучулары чакырылат. Каалоочулар өзү жөнүндө жана курстан эмнени күтө тургандыгы туралуу маалыматтарды pm@msc.kg электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Жазылуу суроолор боюнча төмөнкү телефондонго 0701 112285, ошондой эле pm@msc.kgэлектрондук дарегине кайрылсаныз болот.

Окшош посттор

Фонд им.Мелиса Эшимканова проводит турнир по бильярду и шахматам

Administrator
30.08.2012

Таңкы телешоу даярдаган редакциялар президенттен акчалай жардам алды

Administrator
22.04.2015

Улуттук Банк: улуттук валютага арналган эң мыкты журналисттик чыгармаларга сынак жарыяланат

Administrator
09.09.2013