Журналисты
Жаңылыктар

Журналист Болот Темировго кол салууга байланыштуу иш боюнча сот чечими чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту журналист Болот Темировго кол салуу фактысына байланыштуу иш боюнча чечим чыгарды. Сот төрт айыпкердин ар бирине мамлекеттин пайдасына 50 миң сомдон айып пул салды жана эки жарым жылдан абакка кести. Бирок сот амнистияны колдонуп, соттолгондорду бошотту.

Белгилей кетсек, сот амнистияны Б.Темировдун тосмо арызынын негизинде колдонду.

«Соттун чечимине арызданбайм. Өкүмдү адилеттүү жана гуманддуу деп эсептейм. Тилекке каршы, тергөө буйрутманы ким бергенин аныктай алган жок. Кол салгандар 11 ай СИЗОдо отурушту, андыктан жазасын жетиштүү алышты. Ар бир адамга оңолууга мүмкүнчүлүк болушу керек», – деп айтты журналист.

2020-жылдын 9-январында Factсheck.kg басылмасынын редактору Болот Темиров сабалган. Ага редакциянын кеңсесинин жанында төрт белгисиз адам кол салган. Алар журналисттин кол телефонун тартып алышкан, бирок Темиров дароо эле алардын тоноо максаты болбогонун билдирген. Ал ошол кол салууну журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырган.

Кийин кол салгандарды милиция кызматкерлери кармаган.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБ Чүй обл. жана Бишкек ш. өкүлү

Окшош посттор

Factcheck.kg журналисттерин Ошто өтө турган иш-чарага карата коркутуп жатышат

Administrator
15.03.2021

Фонд Независимого Радиовещания проводит стажировку для радиожурналистов

Administrator
28.06.2012

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу жаңы өкүлү журналисттерге маалымат алуу жеңилдейт деп убада берди

Administrator
08.05.2019