Журналисты
Жаңылыктар

Кыргызстандык журналисттер мекенине кайтып келе жатышат

Кыргызстандык эки журналист – Улукбек Бабакулов менен  Эгамберди Кабулов Ооганстандын чек арасынан Тажикстандыкына өттү. Бул туурасында У.Бабакулов Фейсбуктагы баракчасына маалымат катары жазды. Алардын Тажикстандын аймагына киргендигин тажикстандык кесиптештерибиз да бекемдеди. У.Бабакуловдун маалыматы боюнча бүгүн эртең менен (27.07.2012 – ред.) Мургаб аркылуу Ошко чыгышы керек.

“Бөрүбаевага, генерал Мусаевге, Салтанатка жана биздин абалга кайдыгер карабагандарга чоң-чоң рахматымды айтам”,-деп жазды ал.

Эске сала кетсек, кыргызстандык эки журналист иш сапары менен Кичи Памирдеги кыргыздарга барып  кайтып келе жатканда, Ишкашимдин (Ооганстан) жанындагы жабык чек арада калып калышкан. Ишкашимге жакын бул чек ара бекети Тоолуу Бадахшандагы операция менен Вардуш айылындагы талибдердин козголоңунан улам жабылган эле.

Окшош посттор

Кыргызстандын медиа секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кайрылуусу

Administrator
23.01.2022

В Кыргызстане журналисты проведут у здания парламента пикет в защиту свободы слова и права на доступ к информации

Administrator
29.09.2012

Открыт конкурс World Mobile Content

Administrator
11.07.2012