Журналисты
Жаңылыктар

Улуттук Банк: улуттук валютага арналган эң мыкты журналисттик чыгармаларга сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы улуттук валютанын негизделиши жана өнүгүүсүнө арналган темаларды мыкты чагылдырууда ММК өкүлдөрү арасында республикалык сынак жарыялайт.

Сынактын максаты – калктын калың катмарын улуттук валюта (сомдун негизделиши, анын артыкчылыгы, коргоо деңгээли ж.б.у.с) жагдайларга көңүл бурдуруу.

Сынак төмөндөгү номинацияларда каралат:

– эң мыкты ТВ матерал кыргыз тилинде
– эң мыкты радиоматериал кыргыз тилинде
– ММК арасындагы эң мыкты басылма кыргыз тилинде
– Интернет булактарындагы эң мыкты басылма кыргыз тилинде

– эң мыкты ТВ материал орус тилинде
– эң мыкты радиоматериал орус тилинде
– ММК арасындагы эң мыкты басылма орус тилинде
– Интернет булактарындагы эң мыкты басылма орус тилинде

– аймакта обого чыккан эң мыкты ТВ материал
– аймакта жарыяланган эң мыкты радиоматериал
– аймактарда ММК арасында жарык көргөн эң мыкы басылма
– аймактагы интернет- булактарында жарык көргөн басылма

Сынактын байгелик фондусунан баалуу сыйлыктар ыйгарылат: ноутбуктар, фотоаппараттар, планшеттер, мындан тышкары шыктандыруучу сыйлыкка – КРУБ баалуу тыйындар коллекциясынан атайын монеталар каралган.

Ар бир номинацияда бир гана материал жеңүүчү болуп аталат.

 

Сынактын шарттары

Сынакка басылма жана электрондук ММК эмгектенген журналистер катыша алат (Басма сөз каражаттары, ТВ, Радио жана Интернет булактары).

Тандоо комиссиясы кыргыз жана орус тилиндеги материалдарды кабыл алат.

Бир автор бир нече матералды, каалаган көлөмдө жөнөтсө болот- чектөө жок.

Сынакка жөнөтүлгөн материалдар 2013 жылдын 20-мартынан тарта 2013 жылдын 1-октябрына чейинки аралыкта жарыяланып же обого чыгышы абзел.

Сынакка материалдарды жөнөтү тартиби:

Сынакка катышуу тууралуу маалымат жөнөтүүдө автор өзү жөнүндө эркин формада кыскача баяндама берүүгө тийиш ( толук аты-жөнү, эмгектенген ММК, байланыш каражаттары).

Сынакта тандап алуудагы критерийлер:

Конкурстун жыйынтыгы 2013 жылдын 1 ноябрында чыгарылып, салтанаттуу аземде КРУБ төрайымы жеңүүчүлөргө өз колу менен байгелерди жана жеке аты чегерилген сертификаттарды тапшырат.

КРУБ сынактык материалдарды авторлорун көрсөтүү менен өз шартына ылайык колдонуу укугуна ээ.

Окшош посттор

Евросоюз предложил ужесточить контроль за СМИ

admin
23.01.2013

Аппарат Президента КР объявляет конкурс среди журналистов на лучшее освещение тем, посвященных Году семьи, мира, согласия и взаимного прощения

admin
23.10.2012

Шереметтин өлүмүн иликтөө тобуна эл аралык адисти тартуу сунушталды

admin
12.07.2017