Журналисты
Жаңылыктар

Кыргызстанда өзбек тилдүү ЖМКлар жандаганын белгилешүүдө

Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин өзбек тилдүү ЖМКлар кайрадан жанданганы туурасында “24.kg” маалымат агенттиги CA-NEWS (UZ) агенттигине шилтеме кылып   жазды. Анда Бишкекте «Аалам» гезитинин негизинде өзбек тилдүү «Олам» басылмасы жарык көрө баштагандыгын маалымдаган. Андан сырткары  «Эл бирлиги» гезити кайрадан жанданып, бир-эки чыгарылышы басылгандыгы айтылган.

“12-марттан тарта Ошто «Интерньюс» көмөгү менен кыргыз-өзбек «Ынтымак» телерадиокомпаниясы ишке кирди. Жакында «CA-news» агенттиги да өзбек тилинде жаза баштайт.

2010-жылга дейре өзбек тилинде Кыргызстанда мамлекеттик радио жана эки облустук: «Уш садоси» жана «Жалолобод тонги» гезиттери чыкчу. Ошондой эле шаардык «Ош шамы» гезитенде өзбек тилиндеги макалалар жарыяланчу. Андан тышкары эки жеке менчик «ОшТВ» жана «МезонТВ» каналдары иштечү. «Деймос Таймс» жана «Ахборот» басылмалары жарык көрүп келген»,-деп жазды “24.kg”.

Окшош посттор

У New York Times 668 000 платных подписчиков. И другие итоги 4-го квартала 2012 года

Administrator
08.02.2013

7-каналдын мүлкү камакка алынып, текшерүү иштери жүрүп жатат

Administrator
29.08.2019

В Бишкеке работники СМИ отметят международный день солидарности журналистов

Administrator
06.09.2012