Журналисты
Жаңылыктар

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка материалдарды кабыл алуу сынагын жарыялайт

Сынактын максаты – Кыргызстанда иликтөө журналистика жанрынын өнүгүүсүнө, ошондой эле коррупциялык схемалар менен мыйзам бузууларды ачыкка чыгаруу жана ага бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоого багытталган.

Конкурска журналисттик иликтөө жүргүзгөн медиа тармагындагы журналисттер, уюмдар, эркин журналисттер, жарандык активисттер, блоггерлер, студенттер дагы башка кызыкдар тараптар катыша алат.

Конкурска катышчулардын сунуштамасы орус жана кыргыз тилдеринде берилип, анда: конкурска сунушталган материалдын кыскача аннотациясы жана шилтемеси болушу зарыл.

Конкурска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрга чейин жарыяланган материалдар гана катышат.

Сунуш кылынган материалдарды тандап алуунун негизги чен-өлчөмдөрү:

Сыйлык фонду 100 миң сом. Конкурстун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык, атайын сый белги ошондой эле дипломдор менен сыйланышат.

Конкурска катышуу үчүн СУНУШТАМАНЫ толтуруп, аны мына бул электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: jif@jif.kg

Сунушталган материалга «Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка» деген белги коюлушу керек.

Сунуштарды кабыл алуунун акыркы күнү 2020-жылдын 15-январы.

Жыл сайын берилүүчү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тууралуу кенен маалыматты конкурстун ЖОБОСУНАН билсеңиз болот.

Бардык суроолор боюнча Гүлмира Эсенгелдиевага g.esengeldieva@gmail.com эл.почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.

Окшош посттор

Али Токтакунов иликтөөнүн экинчи бөлүгү коомчулукка сунушталгандан кийин, иликтөөгө байланыштуу кагаздарды каржы полициясына өткөрүп берет

admin
28.06.2019

Кыргызстанда өзбек тилдүү ЖМКлар жандаганын белгилешүүдө

admin
18.05.2012

Журналисты приглашаются принять участие в тренинге «Азия — в глубину веков»

admin
26.06.2012