Журналисты
Жаңылыктар

Чүй облустук телерадиокомпаниясына жаңы директор дайындалды

Калыбек Тайтекеев Чүй облустук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тайтекеевди директорлука дайындоо боюнча буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Түйгөлбай Казаков 17-июлда кол койгон.

Аны “СТВ” жамаатына аталган минстрликтеги маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директорунун орун басары Салкын Сарногоева тааныштырды.

Тайтекеев Калыбек 1967-жылы туулган, жогорку билимдүү, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин аяктаган. Кесиби боюнча журналист.

1993-жылдан 2009-жылдары КТРКда редактор, башкы редактордун орун басары жана башкы редактор болуп эмгектенген.

2009-2016-жылга чейин Ысык-Көл облустук теле радиокомпаниясынын башкы директорлук кызматын аркалап келген.

http://kabar.kg/kyr/news/ch-i-oblustuk-teleradiokompaniiasyna-zha-y-direktor-daiyndaldy/

Окшош посттор

«Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» тренингине катышууга сынак жарыяланды

Administrator
23.05.2019

Таңкы телешоу даярдаган редакциялар президенттен акчалай жардам алды

Administrator
22.04.2015

Эл аралык Пен-клубунун 80-мааракелик конгресси

Administrator
29.09.2014