Журналисты
Сөз эркиндиги

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин жаңы төрагасы

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мурдагы төрагасы Кылычбек Султанов жаңы Өкмөттүн курамына министрлик кызматка кеткендиктен, Байкоочу Кеңештин мүчөлөру жаңы төрагасын шайлап алышты. Ал Фархад Бекманбетов.

Кылыч Султановго караганда Фархад Бекманбетов эл арасында, өзгөчө орус тилдүү журналисттердин арасында анчалык көп белигилүү эмес экен. Ал тууралуу маалымат сурагандар көп болду.

Биз апрелде КТРКнын Байкоочу Кеңешинин курамы жаңы гана белгилүү болгондо анын мүчөлөрү тууралуу кыскача маалымат чогултуп, https://journalist.kg сайтына чыгарып койгонбуз. Ошол маалыматтардан Фархад Бекманбетов тууралуу профайл менен бөлүшүүнү туура көрдүм.

Юридика жана экономика жаатында билим алган. Улуттук Илимдер академиясында Философия жана саясий-укуктук багытка кызыгып, изилдеп жүрөт.    «Айтыш» коомдук фондусунун директору жана тең төрагасы, «Айтыш-фильм» киностудиясынын продюсери, Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун мүчөсү. Байкоочулар кеңешине Жарандык  коом тарабынан сунушталган.

Марат Токоев

Окшош посттор

Эрнис Асек уулу, журналист, маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси: “Эшимкановдун окуучулары, бирөөлөрдүн керт башына асылганды токтотподук…”

Administrator
28.06.2012

Тройное давление на «Деньги & Власть»

Administrator
03.08.2012

НТС: “Ата-Мекенчилердин” кылган кылыктары биз үчүн чон табышмак

Administrator
28.09.2012