Журналисты
Жалпы

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук: мугалимдерге арналган ресурстук китеп

Автор: Иманкулов М., Усупбаева А., Текимбаева А., Данилова Н., Штурхетский С. Кожобекова Б.

Басма: «ММКларды колдоо борбору» КФ, DW Академия

Чыккан датасы: 2019

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча мугалимдерге арналган ресурстук китеп «ММКларды колдоо борбору» фонду тарабынан даярдалган, Кыргыз билим берүү академиясы менен кеңешип, макулдашылган. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окутуу жараянында пайдаланууга сунушталган.

Методикалык материалдар 9-11-класстарга «Адам жана Коом» сабагынан сабак берген мугалимдерине арналган. Ошондой эле, мугалимдер бул методикалык материалдарды өзүнүн сабагын пландоодо же сабактан тышкаркы сабактарда пайдалана алышат. Бул материалдар медиадагы маалымат сабаттуулук түшүнүгүн ачып, окуучуларга (студенттерге) анын актуалдуулугун, билим берүү жараянына анын биригүү мүмкүнчүлүгүн, максаттарын жана жыйынтыктарын сүрөттөп, маалымат булактары менен тааныштырып, практикалык сабактардын мисалдарын көрсөтөт. Бул окуу китебинин кайрадан басылуусуна Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлиги, ошондой эле DW Академиясы жардам көрсөттү.

Окшош посттор

Кыргызстан түштүгүндөгү кабарчылар үчүн колдонмо китеп

admin
13.05.2021

Конфликттик аймактардан келген балдарды репатриациялоо, реабилитациялоо, реинтеграциялоо темаларын чагылдыруу боюнча сунуштар

admin
01.08.2022

Материал жазууда гендердик теңдикти сактоо боюнча журналисттер үчүн чек-лист

admin
02.11.2021