Журналисты
Жалпы

Окуяга негизделген иликтөө: журналисттик иликтөө үчүн колдонмо

Автор: Марк Ли Хантер, соавторлору Нильс Хансен, Рана Саббах, Пиа Тордсен, Люк Сенгерс, Флемминг Тейт Свит

Басма: Европа Биримдиги жана Норвегия Өкмөтүнүн каржылык жардамында IWPR басып чыгарган

Чыккан датасы: 2015

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

«Окуяга негизделген иликтөө: Журналисттик иликтөө үчүн колдонмо» журналисттик иликтөөнү пландаштырып, жүргүзүп жана коомчулукка жарыялоонун жолдорун сунуштайт. Журналисттик иликтөө – бул коомдогу курч көйгөйлөрдү чечүүгө олуттуу таасир берүүчү жанр. Натыйжалуу иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча өздөрүнүн эл аралык тажрыйбаларына таянуу менен, бул колдонмонун авторлору иликтөө процессинин ар бир кадамын сүрөттөп жазышкан жана иликтөөнүн ар бир этабына так сунуштамаларды көрсөтүшкөн.

Авторлордун методикасынын маанилүү өзгөчөлүгү – бул иликтөөгө алынган негизги тезистерди текшерүүгө карата текши, сын мамиленин болгондугунда. Бул журналисттердин маалымат менен тыкыр иштөөсүнө жардам берип, коомдук пикирди, күн тартибин түзүү аркылуу чечим кабыл алуучу кызмат адамдарына таасирин тийгизип, кырдаалды жакшы нукка өзгөртө ала турган материалды даярдоого көмөктөшөт. Мындай материалдар узак мөөнөттүү, институционалдык өзгөрүүлөргө шарт түзөт.

Окшош посттор

Кыргызстан түштүгүндөгү кабарчылар үчүн колдонмо китеп

admin
13.05.2021

Чындык деп жанган өмүр

admin
13.05.2021

Майыптык темасын чагылдырган журналисттерге чек-лист

admin
23.08.2021