Журналисты
Аналитика

Кыргызстандын журналисттери алгач ирет дүйнөлүк абройлуу Sigma Awards сынагында ийгиликке жетишти

2021-жылдын июнь айында Kloop.kg басылмасынын «Фемицид. Кыргызстанда аялдарды ким жана кантип өлтүрүүдө?» деген изилдөөcү data-журналистика багытында дүйнөгө белгилүү The New York Times, The Atlantic, Financial Times уюмдарынын долбоорлорунун катарында эл-аралык сыйлыкка ээ болду.

Долбоордо Кыргызстанда алгачкы жолу фемицид боюнча статистика жана маалыматтар камтылып, аялдарды өлтүрүү – үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги кесепети экендиги көрсөтүлдү.

Долбоордун авторлору Анна Капушенко менен Савия Хасанова изилдөөнүн методикасы, акыркы 10 жылдагы криминалдык маалыматтарды топтоо, иш учурундагы эмоционалдык абалдары жөнүндө айтып беришет.

Фемицид – кыз-келиндерди гендердик негизде өлтүрүү. Аны медиада чагылдыруу аялдарга карата зомбулукту коомдук айыптоону калыптандырууда жана бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Data-журналистика маалыматты натыйжалуу колдонуу аркылуу окуяларды баяндоонун жана иликтөөнүн маанилүү куралы болуп саналат.

Data-журналистика – маалыматтарды топтоого, талдоого жана иштетүүгө негизделген журналистиканын багыты.

Кыргызстанда data-журналистика ачык мамлекеттик маалыматтардын салыштырмалуу кеңири топтомунун, эркин медиа чөйрөнүн жана маалымат каражаттарын колдоо программаларынын жардамында өнүгүп жатат. Кыргызстандагы фемицид боюнча биринчи статистикалык долбоор “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү” программасынын “Жаңы ыкмаларды жана платформаларды колдонуу менен социалдык маанидеги темалардагы медиа демилгелерди колдоо” сынагынын алкагында ишке ашырылды.

Изилдөөнүн толук мазмуну менен бул шилтемеде таанышыңыз:

Окшош посттор

2021-жылы силердин медиа жасай турган 4 иш – же жабылгыла

admin
24.02.2021

Интерньюс-Казахстан: комментарий к проекту Кодекса этики журналистов РК

admin
27.10.2012

Продолжается конкурс на лучшее освещение в СМИ вопросов оказания экстренной помощи в КР

admin
03.10.2012