Журналисты
Новости организации

“Журналисттер” КБ басма сөз кызматтары, диний жана коомдук лидерлер үчүн окутууларды өткөрүп жатат

ZOOM аркылуу лекция өтүүдө

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси Ош шаарында “Радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга туруктуулукту күчөтүү” темасында атайын окутууларды өткөрө баштады.

2-ноябрда Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы айрым мамлекеттик басма сөз кызматтардын өкүлдөрү үчүн экинчи окутууну баштады.

Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар мультимедиалык аспаптарды колдонуп, тренингдин темасына байланыштуу иш-чаралардан сырткары, алар иштеген мамлекеттик мекеменин ишине байланыштуу бардык иш-чараларды социалдык тармактарда жеткиликтүү чагылдыруу боюнча сапаттуу контенттерди даярдаганды жана аларды кенен жайылтканды үйрөнүп, коомчулук жана ЖМК өкүлдөрү менен байланышты жакшырта алышат.

5-ноябрда болсо Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын айрым диний жана жамааттык лидерлери үчүн биринчи окутуу башталат.

Аталган окутуулар Европалык Биримдигинин эсебинен каржыланып, Internews эл аралык уюмунун “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга туруктуулукту күчөтүү” аттуу долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.

Похожие записи

#МедиаКербен в Нарыне. Журналисты жалуются на ограничение доступа к информации

admin
Вторник марта 15th, 2022

Договор о свободе слова подписали 15 партий: обещают неукоснительно соблюдать

admin
Пятница октября 2nd, 2020

Медиаорганизации Кыргызстана призывают и.о. президента публично признать и подтвердить роль свободных СМИ в демократическом обществе

admin
Вторник ноября 10th, 2020