Журналисты
Новости

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин билдирүүсү

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

«Азаттык», «KLOOP.kg» жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип кылган иликтөөсү коомчулукта чоң уу-дуу жаратты. Журналисттер өлкөбүздө орун алган коррупциялык көрүнүштүн бирин ачыкташты. Ушунусу менен алар журналистиканын негизги вазийпасын – өлкөбүздүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган коомдогу терс көрүнүштөрдү, алардын себептерин ачыктап элге жеткирүү вазийпасын аткарууга аракет кылышты.

Учурда ушул иликтөөгө байланыштуу коомчулукта жаралган кырдаалга жараша “Журналисттер” коомдук бирикмеси өз билдирүүсүн кылат.

1. Журналисттик иликтөө Кыргызстанда жаңыдан баш көтөрүп, коомчулукта кызыгууну жаратып, өнүгүү жолуна кадам таштаган учуру. Адам укуктарын жана сөз эркиндигин урматтаган өлкөдө мындай журналисттик иликтөөлөрдүн болуп туруусу шарт. Демократиялык жолду тандаган биздин мамлекет ушуга окшош иликтөөлөр боюнча өзүнүн расмий көз карашын билдирүүсү керек. Иликтөөдө келтирилген фактыларга бийлик органдары Башкы прокуратура, ИИМ ж.б. түзүмдөр териштирүү иштерин жүргүзүп, ага карата өз баасын берип, жыйынтыгын элге жеткириши зарыл;

2. Журналисттик иликтөөлөр бетин ачкан көрүнүштөргө байланышы бар тараптар жөн туруп беришпейт. Ушуга байланыштуу расмий бийлик журналисттердин коопсуздук маселесин колго алып, күч органдары тийиштүү чараларды көрүүлөрү зарыл;

3. Журналисттик иликтөөлөрдү башка ЖМКлар да колго алып, коомчулук ага колдоо көрсөтүүсүнө чакырабыз. Ошондо коомубуздагы терс көрүнүштөрдүн саны азаят.

“Журналисттер” КБ

Похожие записи

Телеканал NEXT TV отключили от общенационального вещания

Administrator
Пятница марта 4th, 2022

Заседание суда по иску Матраимовых к двум СМИ перенесли на 3 февраля

Administrator
Понедельник января 18th, 2021

Предлагается бесплатный вебинар по сторителлингу

Administrator
Вторник июля 10th, 2012