Журналисты
Новости

Жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл, бирок, сөз эркиндигин чектебеш керек

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

 Социалдык өнүгүү министри Кылычбек Султанов журналисттерди жоопкерчиликке чакыруу керектигин айтты. Бирок, ошол эле учурда сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар жалпысынан колдоо таппаса керек деп эсептейт.

Мындай пикирин ал “Жаңы Ордо” газетасы  уюштурган “Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев ММКларды ооздуктоо боюнча токтом токуп жатыптыр, жакында парламентке алып чыгат деген сөз чыгууда. Сиздин пикириңиз”,- деген сурамжылоого жооп берип жатып айткан.

Бул сурамжылоодо ошол эле ЖКнын депутаты Эгемберди Эрматов басма сөздү эч качан ооздуктабашты айтып, аны менен катар эле журналисттердин жоопкерчилиги күчөтүү керектигин билдирген.

“Мен андай мыйзам токулуп жаткандыгынан кабарым жок. Бирок, басма сөздү эч качан ооздуктабаш керек. Мен өмүр бою басма сөз эркиндигин эңсеп келгем… Эч качан басма сөздү ооздуктоонун кереги жок. Журналисттердин жоопкерчилигин күчөтүү керек. Себеби далилдүү материалдарда жазганда , сабаттуулугун, айкындуулугун көтөрүүгө, жогорку эл аралык деңгээлге чыгууга чакырат элем… ”,-деген депутат Э.Эрматов.

Кыргыз Туусу газетасынын башкы редактору Бакыт Орунбеков маалыматтардын ачык, так жана далилдүү болушунун зарылдыгына токтолгон.

 “Кыргызстанда бардык атуулдар, кызматкерлер, журналисттер мыйзам алдында жоопкерчиликти сезишибиз керек.  Анын ичинде журналисттер өзгөчө өз кызматына жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз зарыл… Журналисттерди Өмүрбек Текебаев мыйзамдуу жоопкерчиликке чакырып жатса мен макулмун. Ал мыйзамдуу жоопкерчилик журналисттин оюн ачык айтканга, бир нерсени ачык жазганга жолтоо кыла турган болсо, мен бул мыйзамга түздөн-түз каршымын”,-деген Б.Орунбеков.

Похожие записи

Против цензуры и за свободу слова. Шыкмаматов предложил поправки в Конституции

Administrator
Вторник декабря 1st, 2020

Журналисты получают знание по освещению темы права и доступа к правосудию

Administrator
Среда июня 17th, 2015

Журналист Орунбеков подал в суд на президента

Administrator
Среда января 13th, 2016