Журналисты
Аналитика

Бегайым Усенова: КСДП демилгелеген мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Депутат Галина Скрипкина сунуштап жаткан мыйзам долбоору КРдин бир катар мыйзамдарына каршы келет.

Бул тууралуу Медиа Полиси Институтунун директору Бегейым Усенова бүгүн, 4-октябда “ВБ”да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, депутат Галина Скрипкина 329-беренеге “жалган чагым” деген толуктоону киргизүүнү сунаштап жатат. Ал сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, жалган маалымат таратуу катардагы кылмыш жасоо менен тең болот.

Бегейым Усенованын айтымында, эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо укук коргоо органдары журналисттин жазган ар бир материалы боюнча чакырып, аны ар кандай жоопко тарта бериши мүмкүн.

“Бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо эч кандай сот болбой туруп эле укук коргоо органдары журналисттин ар бир жазган материалынан анын чын-төгүнүн аныктаганга журналисттерди чакырышы мүмкүн. Андан кийин эмне кылуу керектигин өздөрү чечишет. Журналисттин жазган материалдары уурулук же адам өлтүрүү кылмышы менен бирдей болуп калат. Мындан беш жыл мурда болгон окуяга көңүлүңөрдү бургум келет. “Де-Факто” гезитинин редактору Чолпон Орозобекова да “жалган маалымат” таратты деген айып менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошондо биринчилерден болуп КСДП фракциясы журналистке мыйзамсыз иш козголуп атканын айтып чыккан. Журналист бир окуя тууралуу жазып жатканда ал боюнча кылмыш иши козголсун деп жазбайт да, болгону коомчулукка ошол тууралуу маалымат берет”,- дейт ал.

Усенова ошондой эле, журналисттин жоопкерчилиги жөнүндөгү мыйзам бар экенин айтып, аталган мыйзам долбоорун сөз эркиндигин чектөөгө болгон аракет катары баалоого болорун кошумчалады.

Булак: kyrgyz.vb.k

Сүрөт: “Кабар Ордо”

Похожие записи

Вакансия Финансового\Грант Менеджера в Интерньюс

admin
Среда июня 27th, 2012

Вакансии в АКИpress-Ош

admin
Вторник сентября 25th, 2012

Милиционеры не нашли преступников, вломившихся в офис сайта «ПолитКлиника»

admin
Четверг апреля 9th, 2020