Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

Аналитика

Кастык тил

Кастык тил

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Кастык тили” деген эмне?

Бул термин азыр дүйнөнүн булуң-бурчунда кеңири колдонулуп келет жана бирдиктүү аныктамасы жок. Мисалы, Европанын адам укуктары боюнча соту кастык тили деп ксенофобия, антисемитизм, улут жана расаларга карата жек көрүүнү пайда кылган, козуткан, үндөгөн пикир, билдирүүнү айтат

Ал эми YouTube компаниясы ишениме, өңү-түсүнө, жынысына, ден-соолугуна, жаш курагына жараша адамга же адамдарга карата зордук-зомбулук кылууну үндөгөн же жек көрүүнү пайда кылган публикацияларды “кастык тили” деп эсептейт

Бириккен Улуттар Уюмунун Расалык дискриминацияны жоюу комитети “кастык тили” адамдын кадыр-баркын, тең укуктуулугун жок кылууга жана адамдарды кемсинтүү, кордоо, басынтуу үчүн колдонулат деп түшүнөт

Жөнөкөй тил менен айтканда, кастык тили — адамды кемсинтүү, дискриминациялоо максатында айтылган сөз

Ошондой эле кастык (жек көрүү) тилине (англ. нate speech) азчылыкка жана социалдык ар кандай белгилери боюнча бириккен топторго карата расалык, этникалык, диний ксенофобияны, гомофобияны, трансофобияны, мигрантофобияны жана жек көрүүнүн башка түрүн жайылткан, көкүткөн, ага дем берген же аны актоону камтыган билдирүүнүн бардык формалары кирет.

Ал эми идеяларды, көз караштарды, аракеттерди конструктивдүү сындоо кастык тилине кирбейт. 

Кастык тилине мисалдар:

Азия News гезити август айында “Сакалчан, узун көйнөк кийген эркектерди тыйбасак, мамлекетибиз коркунучта…” деген макаласын жарыялаган. Анда Кыргызстанга эс алганы келген пакистандыктар жөнүндө сөз болуп, басылма чет элдиктердин кийим-кечесине, кебетесине асылып, кастык тилин колдонгон. 

Саясатта да кастык тили кенен колдонулат. Өзгөчө саясий атаандаштык курчуган учурларда. 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялар да аны колдонду. Мисалы, “Эл үмүтү” саясий партиясы өткөн чакырылыштагы депутаттарга карата “чимкирик” сөзүн колдонгон.

Кастык тилинин колдонулушу кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Кастык тили ар башка расалардын, этностордун, диндердин же социалдык топтордун өкүлдөрүнүн арасында кастыкты пайда кылышы мүмкүн, коомдогу абалды чыңалтат. 

Мисалы, 2020-жылдын февраль айында коңшу Казакстанда жергиликтүү казак жана дунган улутундагы жарандардын ортосундагы чыр чыгып, ал массалык мушташка айланган. Ошондо интернет айдыңында кастык тили кеңири колдонулуп, түрдүү билдирүүлөр тараган. 

Ал араздашуу массалык башаламандыкка айланып, 10дой киши каза таап, 50гө чукул жаран жаракат алган. Казакстандын дунган улутундагы жарандар Кыргызстанга качууга мажбур болгон.

Адистердин пикиринде, кастык тили коомдо болгон же болуп жаткан окуяларды чыңалтып коюшу толук ыктымал. Мындай учурда кастык тили раса, этнос, диндер ортосундагы чыңалууну андан да ары күчөтүшү мүмкүн.

Ал эми кыргызстандык ырчы Зеренин ачык кийимчен  ырдаган  “Кыз” деген клиби коомчулук тарабынан  катуу талкууланып, айрым интернет колдонуулар аткаруучуну  коркутуп-үркүтүү үчүн интернетте кастык тилин колдонгон.

Кастык тилди ким көп колдонот?

Кастык тили саясатта көп колдонулуп келет. Өзгөчө бул аракеттер шайлоо маалында, өлкөдө абал туруксуз болгондо көп байкалат. Анда  кастык тили бир адамды же топту жек көргөзүү үчүн  колдонулат. 

“Кастык тили” бирөөнү шакаба кылып, шылдыңдоодон баштап, башкаларды жек көргөзүп, аларды өлтүрүүгө чакырышы мүмкүн. Айрым учурда андай билдирүүлөрдү көпчүлүк айырмалап, ажырата албай калат. 

“Электр станциялар” ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева “кастык тили” социалдык тармактарда көп колдонула тургандыгын айтат. Мисалы, айрым интернет колдонуучулардын, ага карата анын кызмат ордуна, жынысына байланыштуу кастык тилди колдонгон учурлар болгон.

“Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби” көп жылдардан бери кастык тилине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Алар Кыргызстанда жакында өткөн шайлоонун алдында интернет-басылма жана социалдык тармактарды 29-сентябрдан 15-ноябрга чейин мониторинг жүргүзгөн. Уюм 66 онлайн-басылма, Facebook, YouTube, Twitter жана Instagram тармактарындагы форумдарда, топтордо жана  жеке аккаунттарда жайгаштырылган кыргыз жана орус тилиндеги 7 миңден ашык контентти талдаган.

Ага ылайык, кастык тилин пайдалануу журналисттик жана колдонуучулардын контентинин көбөйүшү менен жогорулаган.

Кастык тил менен күрөшүүнүн жолдору

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козуткандарга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоого болбойт. Андай маалымат, материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет айдыңына жарыялагандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. 

Бирок эсперттердин айтымында жергиликтүү мыйзамдарда “кастык тили” же “дискриминациялоочу билдирүү” деген түшүнүктөр жок. Ошондой эле интернет айдыңында кастык тилде кеңири колдонулган троллинг, троллинг комментарий, сарказм да каралган эмес. 

“ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясы” “кастык тилин” колдонгон медиаларды жана журналисттерди этикалык нормаларды сактоого үндөп келет. Комиссиянын төрайымы Тамара Валиеванын айтымында, Кыргызстанда “кастык тили” көбүнчө белгилүү адамдарга карата колдонулат. 

“Биздин комиссияга ар кандай арыздар менен жарандар кайрылат. Негизинен көбүнчө саясатчы, депутат, министр, медиа айдыңында таанымал адамдар келет. Биз арызды окуп чыгып, отурумда караганга болобу деп кеңешебиз. Эгер бизге тиешелүү болсо, жабыркаган тарап менен материалдын авторун чакырып, эки тараптын тең келтирген жүйөөлөрүн угуп, суроолорду беребиз. Андан соң комиссия бейтарап чечим чыгарганга аракет кылат.   Биз колдон келишинче алардын арыздашуусун сотко жеткирбегенге аракет кылып, медиациялык кызматты аркалайбыз”, – дейт Т.Валиева. 

Ал эми “Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин” директору Инга Сикорскаянын пикиринде, интернет айдыңындагы кастык тилиин азайтуу үчүн аларды ЖМКлар модерация кыла баштоосу керек. 

“Акыркы жылдары интернет айдыңында фейктер менен троллдор көбөйүп кетти. Мындан улам комментарийлерди модерация кылыш керек. Эл аралык ЖМКлар бул ыкмага өтүштү. Бирок муну цензура ыкмасында эмес, этика жана сөз эркиндигине таянып жасоо зарыл. Аны менен атайын адистер алектенип, кастык тилин тараткандар менен сүйлөшүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”, – деди И. Сикорская.  

Эксперттер кастык тилине каршы күрөшүү үчүн элдин маалыматтык сабатын жогорулатып, журналист, блогерлер арасында маалыматты адам укуктарын бузбай, эл аралык стандарттын негизинде таратууну үйрөтүү керек экендигин айтып келишет.

Медиаэксперт Азамат Тынаев кастык тилинин колдонушун азайтуу үчүн бир катар сунуштарды берди.

“Биринчиден, пикирлердин жана көз караштардын көп түрдүүлүгү пропаганда менен ар кандай багыттагы кастык тилдин колдонуусун азайтат. Экинчиден, соцтармактар кастык тилди эрте байкап, кесепеттерин жоюш үчүн тез чара көрүү ыкмаларын өнүктүрүшү керек. Так маалымат, тең салмактуу комментарийлер, тармактык этика, адептүү пикир алмашуу, талашсыз далил келтирүү, бөтөн көз карашты урматтоо – кастык тилге бөгөт коет”, – дейт А. Тынаев.

Материал «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Журналисттер»  коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Сөз эркиндигинин медиакербени” долбоорунун алкагында даярдалган. Бул материалды ар кандай, анын ичинде коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүп алууга, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну үчүн «Журналисттер» коомдук бирикмеси жоопкерчиликтүү жана ал сөзсүз түрдө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Похожие записи