Журналисты
Новости

Журналист жана акын Зайырбек Ажыматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

“Журналисттер” коомдук бирикмеси, кесиптешибиз, белгилүү журналист жана чыгаан акын Зайырбек Ажыматовдун 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй бүлөсүнө, балдарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлушөт.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылдын 27-майында Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылында жарык дүйнөгө келген. 1993-жылы айыл орто мектебин, 1998-жылы Жусуп Баласагы атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы “Асаба” гезитинен баштаган. Андан кийин “Кыргыз Туусу”, “Бишкек таймс”, “Агым” гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында дагы эмгектенген. Азыркы тапта “Азаттык” радиосунда иштеп жаткан.

Зайырбек Ажыматов акын катары дагы элдин оозуна алынып, бул жааттагы чыгармачылыгына баа берилип, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. Зайырбек жумурай журтка “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар”, “Жүрөктөгү бороон” ыр жыйнактары менен таанылган.

“Журналисттер” КБ дагы бир жолу Зайырбек Ажыматовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Похожие записи

Международный конкурс фотографии Syngenta Photography Award

admin
Понедельник октября 8th, 2012

Заявление медиасообщества в защиту прав СМИ во время режима ЧП

admin
Понедельник марта 30th, 2020

Айгуль Матиева: «Южные журналисты стараются защитить себя мощной самоцензурой»

admin
Среда января 30th, 2013