Журналисты
Инструменты

«Медиум» монетизация мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Платформа «Твиттерге» альтернатива болот

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Авторлор кыска макала үчүн акча ала баштайт

Эгерде «Твиттер» сизге ар бир жазылган твит үчүн 50 центтен бир долларга чейин төлөсө, анда аны көп колдонот белеңиз? Көпчүлүк авторлор бир ооздон: «Албетте» – деп жооп айтмак.

Платформа жаңылыктарынын ичиндеги эң башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири – кыска постторду жазуу үчүн атайын фукциянын пайда болушу. «Медиумдун» редакторунун орун басары Мишель Легро, бул жөнүндө Medium Creator Hub басылмасына жарыялаган макаласында толук айтып берет. Албетте жаңы функциялар «Медиум» коомунун катышуучулар үчүн гана жеткиликтүү.

Эми авторлор өздөрүнүн ойлорун «Твиттерге» жазгандай билдире алышат, ошол эле учурда өнөктөш программадан акча алып, же болбосо контентти башкаруу аспабынын жардамы менен макалаларды илгерилете алат. Жаңы форматтын жардамы аркылуу авторлор макалаларды камтууну кеңейтип, абдан көп жаңы контент түзүп жана эң башкысы – акча иштеп таба алышат.

 

Кыска макала кандай жазылат?

Башынан баштайлы: кыска макала деген эмне жана анын кандай жазыш керек?

Эгерде макала 150 сөздөн ашпаса кыска деп эсептелет. Себеп дегенде англис тилиндеги ар бир сөз орточо 4,9 символдон турат – ошентип бүткүл макала дээрлик 735 белгини камтыйт. Ошондо «Медиумдагы» кыска пост «Твиттердеги» постко караганда 2,5 эсе чоң болот («Твиттерде» эң жогорку сан болгону 280 символду түзөт). Мындай макалалар болгону бир-эки мүнөттө окулат.

Эмнеге 150 сөз? Анткени 150 сөздөн ашык бардык макалаларда «улантып окуу» деген баскыч болот. Кыска текст профилде же макаланын башкы баракчасында толук чагылдырылат. Окурмандар кошумча бет ачпастан, аны толук түрдө көрө алышат. Албетте 150 сөздөн ашкан кыска макалаларды жазууга болот, бирок бул ыкмалар эч кандай иштебейт.

Эң кызыгы платформа 2020-жылдын ортосунда кескин өзгөрүүлөрдү жарыя кылганда «Медиум» кыска посттордун жаңы функцияларын жашырып койгон. Бирок кыска макала түзүү үчүн тутумдар бир нече айдан бери иштеп келет. Эгерде сиз «Медиум» расмий аккаунтуна катталган болсоңуз, анда бир нече ушундай макаланы сөзсүз көрдүңүз – алар аны бери дегенде июлдан тартып пайдаланып жатышат.

Мындай тексти кантип түзөт? Ал эң оңой. Баш жазуунун жана фотосүрөттүн ордуна биринчи сүйлөмдүн алдын сызып жана калың кылып көрсөтүп, макаланы дароо окуядан баштайсыңар. Андан ары сөздүн санына жараша адаттагыдай текст жаза берсеңиз болот. Мындай постторго кадимки макалаларга колдонулган тег сөздөрдү пайдаланууга болот

Бул Medium’s Creator Hub блогунан кыска посттун мисалы.

Биз көрүп тургандай, мында баш жазуу, сүрөт дагы жок. Биринчи сүйлөм калың кылынган жана алды сызылган, ал эми бүткүл текстке 150 сөз батат. Так ушундай макаланы «Медиум» кыска деп эсептейт.

 

Эмне жазса болот?

Кыска макала эмне жөнүндө болушу мүмкүн? Чынында, бардыгы жөнүндө болот. Эң башкысы, ал сиздин аудиторияга жагышы керек. «Кыска макала жазуу тууралуу айтсак, ал көп түрдүү болушу керек, ошону менен бирге ошол ар түрдүүлүктүн ичинде ырааттуулукту сактоо маанилүү – бул анын негизги ачкычы болуп саналат», – деп «Медиум» жазат.

 

Кыска макала эмне үчүн керек:

Бул ошондой эле сиздин макалалар кызыктырышы мүмкүн болгон жаңы катталуучуларды тартуунун эң жакшы ыкмасы.

«Медиум» кыска посттордо башка авторлорду же алардын материалдарын белгилөөнү сунуштайт. Башка жазмакерди эске салуу үчүн алгач @ символун, андан соң никнейм киргизүү керек. Андан кийин аты-жөнү окшош авторлордун тизмеси пайда болот. Андан ары керектүүсүн басыш керек жана ошондо анын аты текстте көрсөтүлөт. Пост жарыялангандан кийин эле текстте аты-жөнү белгиленген авторлор билдирүү алат. «Медиумдагы» чоочун материалды эскерүү үчүн шилтемени көчүрүп алуу жана аны өзүңүздүн постко коюушуңар керек.

 

Авторлор үчүн кыска посттордун артыкчылыгы

Жаңы формат «Твиттерди» эске салат, себеби мындай посттор функциясы боюнча твиттерге абдан окшош (чукул кабарларды талкуулоо, келечек пландар жөнүндө аудиторияга билдирүү ж.б.у.с.). «Медиум» алар үчүн акы төлөбөйт, бирок функция коомдун катышуучулары үчүн гана жеткиликтүү.

Кыска постторду эмне үчүн колдонот?

 

Бул кыска макаланын мисалы

Ал бир мүнөттө окулат.

 

Жеке пост түз

Ошентип кыска посттор кадимки твиттерге окшош, бирок алар монетизация болот жана «Медиум» коомунун катышуучулары үчүн гана жеткиликтүү. Аларды жеңил жана тез жазууга мүмкүн, алар тажрыйба жасоого мүмкүндүк берет, эски макалаларга шилтеме берүү менен аларды контентти башкаруу үчүн пайдаланууга болот, ошондой эле, алардын жардамы менен ар кыл окуяларга пикир айтууга шарт бар. Эгер сиздин «Медиумда» блогуңуз бар болсо – жаңы форматты сынап көрүңүз, балким окурмандарга жагып калат. Аны азыр баштаңыз – «жаз» деген баскычты басып, анан өз оюңүзду кыскача кантип баяндоону ойлонуңуз жана өзүңүздүн биринчи кыска посту түзүңүз.

Томас Смит

Макаланын түп нускасу бул жерде – https://jrnlst.ru/medium

Похожие записи

Прием письма №13: Показывайте и рассказывайте

admin
Пятница декабря 14th, 2012

Инструмент SoundCite позволяет добавлять аудио к текстовым материалам

admin
Среда июля 30th, 2014

Прием письма №20: Возможности повествования

admin
Среда февраля 6th, 2013