Журналисты
Общее

Көп түрдүүлүктү чагылдыруу боюнча практикалык колдонмо

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Автор: Инга Сикорская, Алика Карабаева, Рахат Кенешева, Cергей Наумов

Басма: Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби, CFLI

Чыккан датасы: 2017

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Бул колдонмо журналисттерге, контент түзүүчүлөргө жана медиа тармагындагы адистерге көп түрдүүлүк тууралуу маалымат берүү максатын көздөйт. ЖМК коомго этникалык, маданий, тил жана башка көп түрдүүлүк формаларын түшүнүүгө, ар түрдүү топторго маалымат алууга жана жайылтууга, өз көз карашын билдирүүгө, пикир алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө өз салымын кошо алат.

Бул колдонмо журналисттик материалды даярдоодо этикалык талаптар менен журналисттик стандарттарды сактоо максатында колдонуу үчүн мультимаданий маселелерди чагылдыруунун усулдарын, ыкмаларын жана каражаттарын, Кыргызстандын мыйзамдарындагы жана башка ченемдик актылардагы түшүнүктөр менен терминдерди сунуш кылат. Негизги техникалар этникалык жана маданий көп түрдүүлүктү чагылдырууга байланыштуу болгону менен алар башка социалдык топтор тууралуу материал даярдоодо да керектелиши мүмкүн.

Колдонмодогу бардык материалдарды пайдалануу жана чыгарууда сөзсүз “Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебине” шилтеме берүү керек.

Колдонмодо келтирилген пикирлер менен көз караштар бул окуу куралын басып чыгарууга колдоо көрсөткөн CanadaFundforLocalInitiatives (CFLI) уюмунун пикирине дал келбеши ыктымал.

Похожие записи

Рекомендации по освещению репатриации, реабилитации, реинтеграции детей из конфликтных зон

admin
Понедельник августа 1st, 2022

Чек-лист для журналистов, освещающих тему инвалидности

admin
Понедельник августа 23rd, 2021

Чек-лист для журналистов при написании материалов по соблюдению гендерного равенства

admin
Вторник ноября 2nd, 2021