Журналисты
Общее

Өзгөрүүлөрдөн үмүттөндүргөн репортаждар: Кризистик аймактардагы жергиликтүү журналисттерге жетекчилик

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Авторлор: Колин Биклет, Энтони Борден, Йигал Чазан, Алан Дэвис, Штефан Жукес, Джон МакЛеод, Эндрю Штроляйн, Стейси Салливан, Джон Валти, Джон Вест.

Басма: Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR)

Чыккан датасы: 2010

Китепти жүктөп алуу: pdf, fb2, mobi, epub

Китеп тууралуу:

Жаңы коммуникациялык технологиялар тең мүмкүнчүлүктөрдөгү, оюндун бирдиктүү эрежелерин түзүүгө көмөктөшүүдө. Бүгүн маалымат алуу жана таратуу башка убактарга салыштырмалуу алда канча оңой. Качандыр бири-биринен алыстыкта жайгашкан ЖМКнын ар түрдүү чөйрөлөрү, аны менен бирге Интернет булагындагы журналисттик тексттер, аудио-видео материалдар да жакындаштырылууда (албетте, бул компьютер, Интернетке чыгуу жана каналдын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу).

Мындай жаңычылдыктар журналисттерге зор колдоо көрсөтүп, коом үчүн эбегейсиз мааниге ээ. Бирок, жаңы мүмкүнчүлүктөр журналисттерди жумушка жароо даражасын жогорулатуу зарылчылыгын жана жаңылыктарды жарыкка чыгарууда жоопкерчилигин биринчи орунга коёт.

Мына бул китепте дал ушул тууралуу жазылган. Иш жүзүндөгү колдонмо китебинин башкы максаты – кризисти башынан өткөрүп жаткан өлкөлөрдө иштеген журналисттерге колдоо көрсөтүү.

Бул колдонмо китеп журналистиканын негизги эл аралык үлгүлөрүн сунуш кылат жана журналисттик материалдарды даярдоодогу башкы ыкмалар тууралуу көрсөтмөлөрдү берет.

Окуу китепте саясий, экономикалык жана гуманитардык суроолорду камтыган жалпы маалыматтарды берүү жолдору баяндалган. Жаңжалдуу аймактарда окуяларды так, туура чагылдыруу, коопсуздукту сактоо жана жалган жалаа боюнча кеңештер берилген.

Похожие записи

Чек-лист для журналистов при написании материалов по соблюдению гендерного равенства

admin
Вторник ноября 2nd, 2021

Благородная миссия

admin
Понедельник ноября 22nd, 2021

Рекомендации по освещению репатриации, реабилитации, реинтеграции детей из конфликтных зон

admin
Понедельник августа 1st, 2022