Жайбаракат жаңылыктар ызы-чууну жиреп чыгуу менен күнүмдүк жаңылыктардын кыйкырган аталыштарынан тажаган аудиторияга жетүү жолу болуп саналат. Бирок жаңы изилдөө көрсөткөндөй, ал ыкчам жаңылыктардын күйөрмандарына көбүрөөк жагат экен.
Бейкапар тамактануу, шашылбаган саякат, жай кино, көпкө созулган мода, шашылбаган бак өстүрүүчүлүк: эч жакка шашылбаган жай кыймыл-аракеттин түрү абдан көп, андыктан сиздер homo sapiens үлүлдүн ыргагындагы энтропиялык артка жылышка бара жатат деп ойлоп калышыңыздар мүмкүн. Бирок, албетте, жайбаракат кыймылдар биздин жашоого жаңы технологиялар алып келип жаткандай сезилген, улам ылдамдап жаткан ыргакты тең салмактап турат.
Жакында эле жаңылыктар сиздер үчүн күнүнө бир же эки жолу окуган маалымат булагы, мисалы, эртең мененки гезит жана мүмкүн кечки Уолтер Кронкайт болчу. Бирок чөнтөктөгү коңгуроолор ал доор уюлдук телефондор менен үзгүлтүксүз байланыштын мезгилинен канчалык алыс экенин күбөлөп турат.
Ошентип акыркы он жылдыкта жайбаракат журналистикага карай жылыштар боло баштады – жаңылыктар менен шашпай жана терең таанышуу үчүн жаңылыктардын тез циклинен максаттуу түрдө четтөө болду. Бул тууралуу сиздер «Кийинкиге жылдырылган канааттануу» («бизге бардыгын туура кылуу үчүн убакыт керек … биз чаң-тополондон кийин сынгандарды чогултуп жатабыз») жана Tortoise («бир кыйла жай, алда канча пайдалуу жаңылыктар … ишенүүгө боло турган токтоолук, анык журналистика») деген сыяктуу аталыштагы макалалардан, же алар өздөрүн «кынтыксыз жаңылыктар» деп атагандардан биле аласыздар. Алардын оюнда, жайбаракат журналистика жаңылыктарды керектөөдөн чарчап чаалыккан адамдарга… жагышы мүмкүн.
Бул теория Түштүк Дания Университетинин доценти Ким Андерсендин «Журналистика практикасы» журналындагы жаңы макаласында текшерилген… Андерсен өздөрүн жаңылыктардан чарчагандай сезгендер үчүн жайбаракат журналистика чындап эле бир кыйла жагымдуу болоорун аныктоого аракет кылган. Бул анын аннотациясы:
Башкача айтканда, корутундуларды талдоого мага бир аз уруксат бериңиздер: жаңылыктарды көрүүнү жактырган адамдарга… жаңылыктар жагат. Твиттердеги эң белгилүү жаңылыктардын баш сөздөрүн окуу менен 10 сааттык New Yorker даректүү тасмалардын сериалын берилип көрүүнүн ортосунда чоң деле айырмачылык жок. Жайбаракат журналистика сыяктуу өзүнчө форматтар жаңылыктарды кабылдоого көнгөн адамдарга кошумча маалымат булагы болуп калышы толук ыктымал, бирок жаңылыктардан сактоочу жол болуп санала албайт.
Андерсен изилдөөсүндө биз буга чейин бир нече жолу жазган даниялык Zetland жайбаракат журналистика сайтын пайдаланган. Анын бет ачарында, бул «жаңылыктарга караганда маалымат алууну артык көргөн даниялыктар» үчүн сайт деп айтылат. Бул «туюм жөнүндө эмес, контекст жөнүндө жазган санариптик гезит». Zetland сайтына 14 000ге жакын адам жазылган.
Даниянын жашоочулар тобуна Zetland филосифиясын (Zetland сайтынын өздүк маркетингин) түшүндүрүп, эки айга акысыз катталууну сунушташкан. Макул болгон адамга анын сайттан окуган макалаларына байкоо салышаарын айтышкан. Адамдардын үчтөн бири сунушка макул болушту. Бардыгы тандоого чейин жана кийин сурамжылоодон өтүшкөн.
Жыйынтыгында 2000 ашык кишиден 180 киши гана макул болду, кийин алар Zetland сайтындагы акысыз каттоосун пайдаланышты. Алардын төрттөн бири 1-2 макаланы гана эки ай аралыгында окуган, бирок жалпы топ боюнча орточо көрсөткүч 11 макала болду. Zetland абдан узун, майда-чүйдөсүнө чейин баяндалган көп окуяларды жарыялайт, андыктан интернет-активдүүлүк канчалык таасир тийгизгенин билдирген тааныш ийри сызыкты көрө алабыз.
Сурамжылоого адамдар жаңылыктарды канчалык көп окуй тургандыгы, ошондой эле, жаңылыктардан канчалык чарчай тургандыгы тууралуу суроолор камтылган… Андерсен жаңылыктардан чарчоо жайбаракат жаңылыктар менен таанышууга, ошондой эле, жайбаракат жаңылыктарды керектөө жаңылыктардан чарчоого кандай таасир этерин аныктагысы келген.
Жыйынтыктар: жаңылыктардан катуу чарчоо сезген адамдар Zetland жайбаракат жаңылыктарын азыраак окушкан. Бирок буга чейин жаңылыктарды көп окуганга көнгөндөр Zetland сайтына жазылгандыгын көбүрөөк колдонууга аракет кылышкан.
Башкача айтканда, Zetland сайты эч жаңылык окубаган адамдарга караганда буга чейин жаңылыктарды көп окуган кишилер үчүн алда канча кызыктуу болгон. Анан дагы бул жаңылыктардан чарчаган кишилерди азыраак кызыктырган.
Эң маанилүүсү ушунда. Жаңылыктар менен көп таанышкан адамдар дагы көп жаңылыктарды кабыл алууну жактырат жана алар чоң ыктымалдык менен жаңылыктардын жаңы булагын байкап көрүүгө кызыкдар болушат. Ал эми жанылыктардын аталыштарынан тажаган кишилер кайсыл бир жаңылыкка кызыга турганы күмөндүү. Бирок Андерсендин жыйынтыктары жайбаракат журналистиканын эң күчтүү жагына – ыкчам жаңылыктар булагынын угуучуларына караганда жаңы жана мыкты аудитория тарта алат деген пикирге карама-каршы турат. Мен баса белгилейм:
Бул жерде толук изилдөөгө шилтеме.
Джошуа Бентон,
NiemanLab, макаланын түп нускасы бул жерде