Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

«Медузада» эмнеге «Идеялар» пайда болду – жана алар кандай болот? Рубриканын редактору Максим Трудолюбовдун Манифести

«Медузада» эмнеге «Идеялар» пайда болду – жана алар кандай болот? Рубриканын редактору Максим Трудолюбовдун Манифести
Wikimedia Commons

Извините, для данной страницы нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

«Медузада» колонкаларга окшош материалдар пайда боло баштаганын жана алар кантсе дагы колонкадан айырмаланарын байкадыңар болушуңар керек деп үмүттөнөбүз. Алар «Идеялар» рубрикасына бириктирилген. Алардын милдети – ар кандай жаңылык жүйөсү боюнча көп маанилүү талкууга алып чыгуу эмес, окуяны контекстке коюу менен аны түшүнүүгө жардам берүү. Ушул рубриканын авторлорунун арасында – бул же тигил темага терең киришкен орусиялык жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөр бар. Жаңы же түшүнүксүз көрүнгөн нерселер билген адам менен сүйлөшкөндөн кийин анча жаңы эмес жана түшүнүктүү болуп чыгат. Азыр биздин тынчыбызды алган көрүнүш жөнүндө буга чейин кимдир бирөө дайыма ойлонот. «Идеялардын» редактору Максим Трудолюбов темаларды жана «Медузага» чакырган авторлорду кандай принцип менен тандай турганын түшүндүрөт.

 

«Идеялар» эмнеге керек?

200-300 жыл илгери памфлеттер жана кагаз барактар – кийин бизге көнүмүш болуп калган гезиттер – мисалы англис кофейняларында жана француз салондорунда таратылган. Аларда жаңылыктар ойдон чыгарылган окуялар жана ушактар менен аралашкан, анын бардыгы ар тараптуу ой толгоолор, какшыктоолор жана укмуштай жалпылоолор менен толукталган.

Болгону жакында гана редакторлор алардын макалаларына ишеним – маанилүү баалуулук экенин аңдашты жана фактыларды пикирлерден бөлө башташты. Согуштан кийинки экономикалык өсүш убагында өнүгүп жаткан орто класска рыноктордо эмне болуп жатканын, кандай фирмалар чындап ийгиликтүү, балдарын кайда жакшы окутууга болоорун так билүү керек болчу. Фактыларга массалык талап күчөдү – ал эми пикирлер менен тааныштырууда бөтөнчө эскерте башташты: «Абайлаңыз! Ушул макалада автор окуялар жөнүндө жеке пикирин айтат, ал эми редакция буга орун гана берет» – деп алдын ала жаза башташты.

Бирок акыркы 20-25 жылда дагы бир революция – же тескерисинче, контрреволюция болуп өттү. Биз басма сөздү окуу жана саясатты талкуулоо жаңы пайда боло баштагана мезгилге кайсыл бир деңгээлде кайткандай болдук. Дээрлик бардыгы Француз революциясынын убагындагыдай, болгону кагаз памфлеттердин ордуна – посттор, салондордун ордунда – социалдык түйүндөр бар. Бардыгы талкуу, пикир жазуу жана колонка жайгаштыруу орду болуп калды. Пост авторлору менен колумнисттердин ортосундагы айырма акырындап жукарды жана жыйынтыгында көптөгөн кесипкөй ЖМК биринчилерди колумнисттер катары дайыма чакыра башташты.

Бирок атүгүл убактысы боюнча пикирлер жаңылыктардан дагы өзгөчө бөлүнбөйт. Бизди окуя «кызуу» кезинде, өзгөчө кырдаал жа саясий төңкөрүш жүрүп жаткан учурда кызыктырат. Жаңылыктар, өзгөчө жагымсыз кабарлар чукул чагылдырууну талап кылат – жана аларга соцтармактар дароо көңүл бурат. Ушул эмоциялык же чагымчылдык жооп адатта автордун чынчылдыгына карабастан окуяга жана көйгөйгө карата бурмаланган көз караш болуп саналат. Ошол эле учурда «чоң медиага» дагы аудиторияны жоготпош үчүн соцтармактардын ылдамдыгынай чуркаганга туура келет. Натыйжада колонкалар маанилүү окуяларды түшүнүү аракети болбой эми реакцияга айланат.

Орус тилдүү дүйнө бүткүл планетадагы жалпы процесстерге терең аралашкан, бирок өзү муну байкабаган сыяктуу. Орусияда рыноктон, чоң бизнестен жана таасирдүү адамдардан тышкары ЖМКга дагы бир чоң оюнчу – телеканалдары, башкарылма аймактык медиалар жана ар кыл масштабдагы жана таасири ар кандай интернет-комментаторлордун шайма-шай бөлүктөрү менен мамлекет басым көрсөтөт. Ушундан улам кырдаалдын өзгөчөлүгү жана айласыздыгы сыяктуу таасир келип чыгат.

Менин көз карашым боюнча, орусиялык ЖМК бүгүнкү күнү чынында калган медиалар сыяктуу абалда турат. Мамлекеттин ой-пикирди эркин билдирүүнү чектөө аракеттерине карабай баары бир алардын үнү угулат – жана атүгүл жазалана тургандар дагы. Бирок да ошол жазалануусуна байланыштуу үнү өзгөчө катуу чыгат.

Мамлекет болгону маалымат айдыңындагы оюнчулардын бири, бирок чындап ызы-чуу жана тынчы жок оюнчу. Балким мамлекет чектей албаган процесстерди көрүү аракеттерине ошол басымдуу активдүүлүктү талкуулоонун ызы-чуусу менен үстөмдүк кылса керек. Автор жана окурман бийлик вертикалы боюнча ылдый берилген мыйзамдар менен буйруктарга караганда горизонталдык процесстер менен чек араларды билбеген өзгөрүүлөргө көбүрөөк байланышкан, тиричиликтин башкы маңызы болгон адамдардын жашоосуна жана алар байырлаган мейкиндикке жетпей, Кремлдин кезектеги «схемасы» жөнүндө жана «кимдин кимге» экенин түшүнүү боюнча сүйлөшүүгө буйдалып калат.

Ушундай кырдаалда ар түрдүү «көз караштар» чагылдырылган дагы бир аянтча керекпи? Бул ызы-чууда кимге ишенип, эмне кылуу керектигин билүү маанилүүрөк. Бардыгы бири биринен өтүп катуураак кыйкырууга, кээде бири биринин беделин кетирүүгө аракет кылып жаткан кезде чындап угууга жардам бере турган жол көрсөткүч болушу зарыл. Ар бири өзүн ЖМК сезген дүйнөдө маектешти табыш үчүн.

Ошондуктан биз пикирлерди эмес, эскирбеген жана жаңылык циклинин чегинен тышкары алып чыга алган идеяларды сунуштайбыз. Мында китептер таяныч боло алат, алардын жаңы болушу милдеттүү эмес. Эски китептер – бүгүнкү күнү багытын тапкысы келгендерге баалуу жардамчылар.

Ушул тексттерде түздөн-түз шилтемелер жок болсо дагы, алар жеке тажрыйбасына жана автордун субъективдүү кабылдоосуна гана эмес, өз алдынча жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянышат. Бул рубриканын материалдары алардын авторлорунун өзүн көрсөтүүсү гана эмес, окурмандар үчүн кызмат көрсөтүү жана кызматташууга чакыруу болуп саналат. Кызматтын милдеттери үч жактуу:

  • талкууну «мамлекеттин күн тартибинин» үстөмдүгүнөн арылтуу,
  • жаңылыктардан чоң процесстерди көрүүгө жардам берүү,
  • интеллектуалдык мейкиндикти көз алдыбызда калыптанып жаткан жаңы баалуулуктар жана алакаларды эске алуу менен ачык көрсөтүү.

 

«Идеялар» кандай болот?

Контекст өзгөчө маанилүү болгон тармактар бар: бул, эң биринчиден, талкуу тили анча калыптана элек темалар. «Идея» рубрикасын алдыда интеллектуалдык картага түшүрүп жана өздөштүрө турган тааныла элек аймактар өзгөчө кызыктырат.

Изилдөө жана өздөштүрүү үчүн «жаңы» аймактардын арасында – орус тилинде «жаңы этика» деп аталган түшүнүк бар. Мында кеп гендер жана үй-бүлө түшүнүгү өзгөргөнүнө жараша, ошондой эле, басымга калгандарды жана өздөрүн эзилген деп санагандарды коргоо кыймылдарынын басымы менен маданият жана коом кандай өзгөрүп жатканы жөнүндө болуп жатат. Консерваторлор бүткүл дүйнө боюнча аларга каршы турууга аракет кылганына карабастан бул өзгөрүүлөр тез жүрөт жана чек араны билбейт.

Дагы бир темалар тобу – климат, экология, биологиялык түр катары адамдын башка түрлөргө жана биздин жалпы жашоо чөйрөгө таасири жөнүндө талаш-тартыштар. Бул эң аз дегенде Орусияда калдыктар көйгөйүн чечүү жана корпорациялар менен мамлекеттин табиятка мамилеси жандуу саясий темага айланганы менен маанилүү, себеби анын айланасында төмөнкү коомдук кыймылдар түзүлөт.

Интернетке байланышкан жана «технология жаңылыктары» бөлүмүнөн ар бир адамга кызыктуу жана маанилүү бардык маалыматтарды которуу маанилүү. Интернет – өтө зарыл инфратүзүм, саясат жана интернет геополитикасы офлайндагы жашоону аныктап калды. Саясатчылар интернетти мыйзамдарга баш ийдирүүгө умтулууда, кайсыл өлкөнүн компаниялары технология жана кызмат көрсөтүү жеткирип жатканына байланыштуу «таасир көрсөтүү чөйрөсүнүн» айланасында күрөш жүрүп жатат; бир гана Орусияда гана эмес, башка жактарда да интернетке өз алдынчалык берүү боюнча жана калктын үстүнөн «көзөмөлдөөчү капитализм» жана «көзөмөлдөөчү мамлекет» куруу идеясынын тегерегинде талаш-тартыш жүрүп жатат.

Анан акыры келечектин саясаты жөнүндө. Биздин божомолубузда ал салттуу партиялар менен демократиялык институттардан тышкары өнүккөн саясий кыймылдарда. Авторитардык мамлекеттердин жашоочулары гана эмес, өнүккөн демократиялык тутумдардагы көптөгөн адамдар дагы алардын кызыкчылыгын эч ким коргобой тургандыгын сезип турушат. Ошентип мында көптөгөн «мендерден» «бизди» чогултуунун жаңы ыкмалары жөнүндө сөз болуп жатат.

Албетте биздин көңүл буруубуз ушул темалардын айланасында чектелбеши керек. Бүгүн жооп издегибиз келген суроолордон алаксып, дайыма жооп издөөнү каалаган суроолорду эстешибиз керек.

Meduza

Макаланын түп нускасы бул жерде.

Похожие записи