Журналисты
Болот

Онлайн мастер-класс: Кыргыз тилинин грамматикасы жана стилистикасы

12-февралда саат 17:00дө “Журналисттер” коомдук бирикмеси кыргыз тилдүү журналисттер үчүн Кыргыз тилинин грамматикасы жана стилистикасы
тууралуу  мастер-класс уюштурат.

Мастер-класста журналист, аналитик Жыргалбек Касаболотов Кыргыз тилинин грамматикасы жана стилистикасы тууралуу  айтып берип, төмөнкү маселелерге токтолот.
– Кыргыз тилинин негизги кыйынчылыктары. Маалымат берүүнүн, иш кагаздарын
даярдоонун ырааты. Түп нуска боюнча талаш.
– Орус тилине баш ийип калган кыргыз грамматикасы.
– Кыргыз тилдүү журналистиканын миссиясы. Жетккиликтүү, жөнөкөй тил.
– Типтүү сөз айкаштары жана алардын оптималдуу колдонулушу.
– Термин жасоонун кыйынчылыгы.
– Туура эмес сүйлөмдөр. Ээ жана баяндооч маселеси. Туура эмес мүчөлөр (сы). Ээ
менен баяндоочтун саны.
– «Менен» менен «жананын» айырмасы.
– Сүйлөмдөрдү бөлүүнүн зарылдыгы.
– Сүйлөмдөрдү жөнөкөйлөтүүнүн зарылдыгы. Андагы кыйынчылыктар (мис. Расмий
тексттер).
– Кайталоодон кутулуунун жолдору.
– Төл сөз менен бөтөн сөздү бөлүүнүн ыкмалары. Бөтөн сөз оңдолушу керекпи?
– Расмий аталыштар жана негизги принцип. Министр жана министрликтер.
– Ууру каталар.
– Типтүү каталарды оңдоонун техникалык ыкмалары.
– Күчөтүүчү ыкмалар. Макал-лакаптар, икаялар, мисалдар, цитаталар.
– Суроо-жооптор.

Эгер катышууну кааласаңыз бул жерден катталсаңыз болот.

Уюштуруучулар: “Журналисттер” коомдук бирикмеси.

Суроолор боюнча: 0559 56 65 69 номуруна кайрылсаңыздар болот

Окшош посттор

Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну чагылдыруу боюнча вебинарга жазылуу башталды

admin
13.09.2020

#МедиаКербен Караколдо. Өлкө чыгышында журналистика сенек абалда

admin
17.03.2022

“Медиакербен” Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында болот

admin
01.02.2022