Журналисты
Жаңылыктар

«Журналисттер» коомдук бирикмеси Баткенде

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марс Тулегенов жана бул коомдук бирикме учурда ишке ашырып жаткан “ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг” долбоорунун координатору Марат Токоев, КР Медиа Акыйкатчысы Акмат Алагушев аймактык журналисттер менен жолугушуу өткөрүү максатында 16-январда Баткен шаарында болушту.

Бул жолугушуулар учурунда ЖМКлардын жана журналисттердин укуктарынын бузулушу маселеси тууралуу сөз болду. “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 9 айдан бери ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна жүргүзүлүп жаткан мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, аймактык журналисттер өз укуктарын коргоого келгенде өтө пассивдүү болушууда.

Ушул эле күнү аталган адистер жергиликтүү “Салам” радиосунда журналисттердин укук маселелерине арналган түз эфирге катышышты.

Медиа адистер дагы Жалала-Абад жана Ош журналисттери менен жолугушууларды өткөрүшмөкчү.

Окшош посттор

Журналисттер үчүн “Тоолор “жашыл экономикага” чакырат аттуу конкурс уюштурулду

Administrator
05.03.2013

Ишенимдүү маалымат булактары боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы

Administrator
29.11.2021

“Тумар” радиосунун үн режиссерун өлтүргөн киши бошотулду

Administrator
01.11.2013