Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Журналисттер этиканы эске алса…

Журналисттер этиканы эске алса…

Кыргызстанда журналисттердин Этика кодекси кабыл алынып, атайын комиссия түзүлгөн. Анткен менен бирөөлөрдү жок жерден каралаган журналисттердин катары калың бойдон калууда.

Буга эмне себеп? Басма сөз өкүлдөрү сөз эркиндиги менен социалдык жоопкерчиликти эмне үчүн бирдей деңгээлде сактай албайт? Журналисттер үчүн адамдын кадыр-баркын, ар-намысын басмырлоо бизнеске айландыбы же буга мыйзамсыздык өбөлгө түзүп жатабы?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге кайрылды.

Талкууга Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев, Массалык маалымат каражаттарына даттанууларды териштирүү комиссиясынын мүчөсү Мырзакат Тыналиев жана Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу катышты.

“Азаттык”: Абдыкадыр мырза, кийинки кезде Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын жана алардын айрым өкүлдөрүнүн дарегине адамдын абийири менен намысына шек келтирген маалыматтарды таратты деп сотко кайрылуулар көп, ал элди деле таң калтырбай баратат. Журналисттердин коом алдындагы жоопкерчиликти сезбей, өзүнүн же бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды таратуусу көбөйүүдө. Буга эмне себеп? Сабатсыздык жол берип жатабы же мыйзамдардын иштебегендигиби?

Абдыкадыр Султанбаев: Журналисттик кесипте этиканы сактоо маселеси журналистика пайда болгондон баштап жашап келе жатат жана мындан ары да боло бермекчи.

Демократиянын өзү журналисттерге зор укуктук жана этикалык жоопкерчиликти артат. Журналистиканын тарыхына көз чаптырсак, 1990-жылдардан 2000-жылдарга чейин угармандар, окурмандар өз укуктарын жакшы билген эмес. Азыр болсо катардагы эле жарандар өз укук-милдеттерин абдан жакшы билип калды. Ошон үчүн журналисттердин жазгандарынын баарына ишене бербей, өз укуктарын коргоо боюнча даттануулар көбөйүп жатат. Андан тышкары журналисттердин баары эле көз карандысыз эмес. Басма сөз каражаттарынын ээлери жана алардын артында турган көп күчтөр бар. Журналисттер алардын кызыкчылыгына жараша маалымат тараткандан улам тенденциялуу көрүнүштөр көп болуп жатат. Ошон үчүн журналисттердин дарегине айтылган сындар аябай көбөйүп кетти.

“Азаттык”: Мырзакат мырза, журналисттер коомдук аң-сезимди калыптандырган күчтүү кесиптин ээси катары эл алдындагы жоопкерчиликти күчөтөлү деген ниетте 2008-жылы Этика кодексин кабыл алышкан. Сотко жеткирбей нааразылыктарды чечүү үчүн сиз мүчө болгон комиссияны түзүшкөн. Бирок, анын талаптарын мамлекеттик деп эсептелген жана көз карандысыз ММКлар деле карманган жери жок. Ага жакында эле “Азия ньюс” гезитине Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жөнүндө жарыяланган коллаж жана анын редактору Аслан Сартбаев экөөнүн ортосундагы кармаш жакшы мисал. Бул окуяда Асанов журналистке басым жасап жатат десек болобу же журналист этиканы сактаган жокпу?

Мырзакат Тыналиев: Бул жерде журналист этиканы сактаган жок. Журналисттик этика эмне үчүн сакталбай жатат деген суроого жооп издөө үчүн мен коомдук жерде сөгүнүүгө тыюу салган мыйзам менен салыштыргым келип жатат. Анткени, ал мыйзамдын ишке ашуусуна көзүм жетпей турат. Туура, коомдук мамилелерди мыйзам менен жөнгө салуу керек, бирок анын ишке ашуусу үчүн коом өзү даяр болушу керек. Ушундай жагдай журналисттерге да тиешелүү. Журналисттерди жазалоодон мурда алардын сабаттуулугу менен маданиятын жогорулатуу ишин жүргүзүү зарыл болуп турат. Бул коомдун иши, ал эми жазалап, мыйзамдын чегинде кармап туруу мамлекеттин иши. Бул эки маселе бири-бирисиз ишке ашпайт. Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе – биздин комиссияга көп адамдар журналисттердин жазгандары боюнча даттанып, ишин сотко жеткирбей тартипке чакыруу арызы менен кайрылышат.

Алардын аракети туура, анткени алар ММКга же журналистке басым болбосун деген ниетте кайрылышат. Тилекке каршы, чектен чыккан журналисттерибиз комиссиянын мүмкүнчүлүгү менен аларга түзүлгөн шартты түшүнгүлөрү да келбейт. Аларды сотко сүйрөбөс үчүн эки тараптын өз ара түшүнүшүү мамилесин ушул комиссия жөнгө саларын жана ал үчүн Этика кодекси кабыл алынгандыгын да билгиси келишпейт. Ошон үчүн этиканы көзгө илбеген журналисттер адамдардын ортосунда бири-бирин сыйлоо, абийирине шек келтирбөө талаптарын тоготпой жатышат.

“Азаттык”: Ибраим мырза, сиз буга чейин Би-би-сиде иштеген жана азыр парламенттик кабарчылар менен тыгыз байланыштагы жетекчи катары баа берсеңиз, Кыргызстандагы журналисттер кесиптик этиканын талаптарын кандай баалашат жана аткарышат?

Ибраим Нуракун уулу: Кыргызстанда гана эмес чет өлкөлөрдө деле партиялардын, топтордун жана жеке кызыкчылыгын көздөгөн журналисттер бар экендиги белгилүү. Коомдук кызыкчылыкка жеке кызыкчылык үстөмдүк кылган учурда этика бузулат. Көп жылдардан бери журналистиканы инвестициялоого көңүл бурулбай калды. Ошон үчүн азыр бай адамдар, партиялар, оппозициячыл күчтөр же өкмөттүк уюмдар журналисттерге кожоюндук кылышат, журналисттер алардын кызыкчылыгын коргоп, кызмат кылышат. Журналист коомдун кызыкчылыгына иштеши үчүн финансылык жактан көз каранды болбошу керек. Ал бирөөлөрдөн акча күтпөшү керек же өз материалын сатпашы керек. Адеп-ахлак жылы деп канчалык жарыялабайлы, түкүрбө деген этика кодекстерин кабыл албайлы, ал материалдык жактан көз каранды болсо, албетте бирөөлөрдүн камчысын чабат.

Бүгүн оппозициячыл басма сөздө иштеп, бийликти каралап жаткан журналист эртең кожоюну бийликке барып калса сөзсүз оппозицияны жамандап, бийликти коргобойт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан, журналист финансылык жактан камсыз болушу керек. Андан тышкары журналистти камап, финансылык айып тагылса аны төлөөгө чамасы жетпейт. Ошон үчүн зыян тарткан тарапты кайра-кайра жамандоого бара берет. Аны чечүүнүн бир жолу – журналистиканы мамлекеттик деңгээлде инвестициялоо зарыл деген ойдомун. Анан журналист финансылык жактан көз карандысыз болгондон кийин гана моралдык чыгымды каражат менен кайтарып алса болот. Журналисттин этиканы сактоосу үчүн коомдун өзү да кызыкдар болуп, анын ишмердигин көзөмөлгө алуусу зарыл.

Бүбүкан Досалиева, “Азаттык”

Окшош посттор