Журналисты
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеш “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүүгө багытталган сунушту четке какты

Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Долбоорду депутаттар Ж.Акаев, А.Мадумаров, Э.Сатыбалдиев, Г. Кожокулова, Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ч.Айдарбековдор демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Дастан Бекешев белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу «Административдик иштин негиздери жана процедуралары жөнүндөгү» мыйзамда белгиленген мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу арыздарын кароонун жол-жоболорундагы карама-каршылыктарды жоюу пландалып жатканын белгиледи. Башкача айтканда, интернеттеги сайттын же баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби орнотулат.

Мындан тышкары, интернет сайттын же баракчанын ээси тарабынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн арыз ээсинин арызы келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ордуна үч күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Талкуудан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоору четке кагылды.

Булак: kenesh.kg

Окшош посттор

Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкты” сындап чыкты

Administrator
02.04.2015

Стипендии для преподавателей телерадиожурналистики

Administrator
06.08.2012

Автоматташтыруу журналисттерди механикалык жумуштан бошото алат

Administrator
23.12.2020