Журналисты
Жаңылыктар

“Жашыл экономиканы” илгерилетүү үчүн журналисттерге сынак жарыяланды

Экономика министрлиги өлкөдөгү “жашыл экономиканы” чагылдыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошев бүгүн, 25-июлда брифингде билдирди.

Министр билдиргендей, учурда экологиялык көйгөйлөр глобалдык деңгээлге чыкты. Ал эми “жашыл экономика” концепциясы  климаттык, экологиялык, азык-түлүк, каржылык жана экономикалык көптөгөн кризистерге кабылуудан улам алдыңкы орунга чыгууда.

Арзыбек Кожошевдун айтымында, Кыргызстан башка 196 мамлекет менен бирге дүйнөлүк температуранын деңгээлин 1,5°С жогорулашына жол бербөө максатындагы Париж климаттык макулдашуусуна кол койгон. Ал эми дүйнөлүк экономикада “жашыл экономиканын” үлүшү анча чоң эмес болсо дагы тез өнүгүп бара жаткан тармак катары таанылууда.

Андыктан сынактын максаты “жашыл экономиканы” илгерилетүү, жарандар менен ишкерлер арасында “жашыл экономика” тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү болуп саналат. Сынакка журналисттер жана блогерлер 4 багыт боюнча катыша алышат. Ал эми даярдалган материалдар 24-июлдан 17-ноябрга чейин жарыяланышы керек.

http://maralfm.kg/archives/237955

Окшош посттор

“Санжыра” радиосу ишке чакырат

admin
31.07.2012

Журналисттерге коркутуулар түшүп жатат

admin
08.10.2020

Япония оказывает помощь ОТРК на сумму 600 тысяч долларов США

admin
10.09.2012