Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Пресса

Жаңы мезгил: Демократиялык коомдо профессионалдык гезит кандайча түзүлүшү керек

Автор: Татьяна Репкова

Басма: “ММК колдоо борбору” коомдук фонду

Чыккан датасы: 2012

Китепти жүктөп алуу: он-лайн окуу

Китеп тууралуу:

Демократиялык өнүгүү башталган өлкөлөрдө басма ээлери жана редакторлор көпчүлүгү иштин жүрүшүндө окуп-үйрөнүшөт. Аларда партага отуруп массалык маалымат теориясынын ар кандай түрлөрүн өздөштүрүүгө убактылары жок. Ал эми чындыгында рыноктук экономикасы өнүккөн өлкөлөргө мүнөздүү менеджерлер үчүн массалык маалымат каражаттары жана теориялык пособиелер жаңы жолго алгач кадам таштагандар үчүн татаалдык кылышы мүмкүн.

Ал эми бул китептин максаты башкача. Анда көңүлдүн борбору гезитти кандайча түзүш керектигине, коомчулукта аны кандайча башкарууга бурулган. Ал коом башынан авторитардык, тоталитардык да турмушту өткөрүп, эми гана демократиялык келечектүүлүккө багыт алган. Бул багытта китеп жетиштүү түрдө өзгөчөлөнөт. Китептин негизинде жогорудагыдай өткөөл мезгилди башынан өткөргөн өлкөлөрдөн алынган иш-тажрыйба жатат. Андагы келтирилген мисалдар көптөгөн реалдуу гезиттердин коммерциялык да, редакциялык да жактарын өзүнө камтыйт. (Коммерциялык сырды сактоо максатында мен аны ойдон чыгарылган ат менен атадым).

Бул китеп менеджерлерге гана тиешелүү эмес – ал гезиттин ар бир кызматкерине пайдалуу. Мейли ал журналист, же административдик кызматкер болсун өзүнө аздыр-көптүр көрсөтмө ала алат. Китептин башкы идеясы – гезит кызматкерлерине жардам көрсөтүү, алардын гезиттин келечегин көрө билишине көмөктөшүү жана гезиттин өнүгүүсү үчүн өзүнүн жооптуу кызматынын чегинде туура чечимдерди кабыл алуусуна кеңеш берүү болуп саналат.

Окшош посттор