Журналисты
Жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр фондунун кайрылуусу

21-ноябрда “Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана “Kloop Медиа” маалымат агенттигинин биргелешип даярдаган иликтөөсү жарыяланды. Анда уюшкан кылмыштуу топтун бир эле Кыргызстандын аймагында эмес, дагы бир нече өлкөдө тамыр жайган коррупциялык түйүнү чечмеленген.

Иликтөө жалгыз кесипкөй журналисттин иши эмес, коллективдүү, биргелешкен командалык ишке айланып жатканы кубандырат.

Кыргызстандык журналисттердин иликтөөлөрү сапаты, актуалдуулугу жагынан улам жаңы тепкичке көтөрүлүп жаткан чакта биздин Фонддун жана бүткүл жарандык коомдун милдети – иликтөөчү журналисттерди коргоо жана аларга ар тараптан колдоо көрсөтүү.

Өлкөдө мыйзамдуулукту жана ачык айкындыкты орнотууну талап кылып жаткан жарандарга кошулуп, биз да бийликтен коррупцияга каршы жарыялаган бир эмес, бир нече убадаларын чыны менен иш жүзүндө аткаруусун, биргелешкен иликтөөдө көрсөтүлгөн фактылар боюнча токтоосуз чара көрүлүшүн, ошондой эле иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууну талап кылабыз.

Биз жарандык коомду жана маалымат каражаттарындагы кесиптештерибизди биригүүгө жана журналисттик иликтөө жанрынын өнүгүшүнө тилектештик кылууга чакырабыз. Ал эми коррупцияны шардана кылган журналисттерге каршы чыгып жаткандардын аракетин – кылмыштуулукту колдоо, Кыргызстандын өнүгүүсүнө бут тосуу аракети катары баалайбыз.

Фонд курч журналист Уланбек Эгизбаевдин атындагы мыкты иликтөө материалдардын авторлоруна сыйлык ыйгаруу ишин улантарын эске салып, иликтөө жанрына кызыккандардын катары калыңдап жатканына сыймыктанат.

Аделя Лаишева – Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрайымы

Султан Каназаров – Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы

Сабыр Абдумомунов – Журналисттик иликтөөлөр фондунун негиздөөчүсү

Журналисттик иликтөөлөр фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү:

Роза Отунбаева

Бурулкан Сарыгулова

Рита Карасартова

Эльмира Ногойбаева

Азамат Тынаев

Окшош посттор

БШК президенттик шайлоого карата 137 ЖМКны каттады

Administrator
06.07.2017

“ВБ”:Жогорку сот Карамушкинанын “24.kg”ге болгон дооматын кароону токтотту

Administrator
11.02.2013

Вручена международная премия за свободу прессы

Administrator
14.09.2012