Журналисты
Жаңылыктар

Ыдырысты колдойбуз, сөз эркиндигин коргойбуз!

Урматтуу, кесиптеш достор!

Маалым болгондой, ишкер Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковко каршы 50 миллион сомдук доо арыз менен сотко кайрылган. 17-майга соттун алгачкы отуруму белгиленди. Сот иши өзүнүн ирети менен кете берсин, ал жакта Ыдырысты коргогон күчтөр бар. Ал эми биз болсо кесиптешибизди өзүбүздүн жолубуз менен колдойлук. Журналисттердин болгон куралы – маалымат менен чындык.

Атамбаев Ыдырыстын үнүн басам деп турабы? Анда биз ага да, дегеле прессаны тизелетебиз, коркутабыз, эбегейсиз акчага жыгабыз дегендердин баарына, Ыдырыстын үнү – бул жеке жана жалгыз үн эместигин, бул бүткүл Кыргызстандын медиа жаатындагылардын үнү экендигин, бул ондогон-жүздөгөн үндөр экендигин көрсөтө турган убакыт келди.

Ошондуктан 13-май күнү саат 11.00до Кыргызстандын бардык ЖМКлары Ыдырыстын иликтөөсүн бир дем болуп, болгон ресурстарыбызды колдонуп, социалдык тармактабы, радиодобу, теледеби, гезиттеби кайрадан дагы бир жолу чыгаралык!

Биздин журналисттик аракетибиз #Ыдырыстан_колуңарды_тарткыла жана #Кыргызстандын_журналисттери_коррупцияга_каршы деген ураандар менен өтөт.

Кесиптешибизди колдоп, кыргызстандык журналисттер бирдиктүү экенин, баркыбыз да, наркыбыз да бар экенин коомчулукка билдирелик!

Кыргызстанда коррупцияга жана сөз эркиндигин чектөөгө жол берилбестигин билдирелик!

Ыдырысты колдойбуз, сөз эркиндигин коргойбуз!

Окшош посттор

Конкурс социальных роликов под названием: “Создай свой социальный ролик”

Administrator
19.11.2012

Принимаются заявки на конкурс National Geographic «Global Oceans»

Administrator
24.07.2012

Вакансия Финансового\Грант Менеджера в Интерньюс

Administrator
27.06.2012