Журналисты
Жаңылыктар

КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү кайрадан башталды

“Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосунда “Журналисттер” коомдук бирикмеси менен “Институт Медиа Полиси” коомдук фондусу (“ИМП” КФ) биргеликте КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү долбоорун иш жүзүнө ашыра баштады. Долбоор 2019-жылдын аягына чейин эсептелген. Бул тууралуу 16-апрелде Бишкекте өткөрүлгөн пресс-конференцияда жарыяланды.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин ар бир аймактагы кабарчы-байкоочулары журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу бардык фактыларды каттап, ал тууралуу маалыматтык билдирүүлөрдү даярдашат. “ИМП” КФнын юристтери айрым окуялар боюнча юридикалык комментарийин берип турат. Бардык билдирүүлөр “Журналисттер” коомдук бирикмесинин сайтына (https://journalist.kg/) жарыяланып турмакчы. Айдын аягында бардык билдирүүлөр топтолуп, талданып, классификацияланыштырылып бардык кызыкдар тараптарга таркатма түрүндө жиберилет. Жылдын аягында жыйынтыктоочу мониторинг отчету китеп түрүндө басылып чыгарылат.

Байкоочулар катары ар бир аймакта белгилүү журналисттер алынды:

Долбоордун алкагында журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушун каттоодон сырткары укуктары бузулган тараптарга юридикалык жардам көрсөтүлүп турат.

Ошентип, мониторинг өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын аныктоого объективдүү көрсөткүчтөрдү берүү менен катар журналисттердин жана ЖМКлардын юридикалык жактан корголушун жакшыртууга салым кошот.

Белгилей кетчү нерсе, “Журналисттер” коомдук бирикмеси 2002-жылдан 2007-жылга чейин такай негизде жана 2010-жылы журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүп келген.

Бул жолку мониторинг үчүн мониторинг системасы кайрадан бир караштырылып чыкты – журналисттер менен ЖМКлардын укуктарынын бузулушуна жана аларга юридикалык жана дагы башка жардамдарды көрсөтүүгө басым кылынды.

Эскерте кетсек, 15-апрелде Бишкекте “Журналисттер” КБ КР журналисттеринин жана ЖМКларынын укуктарынын бузулушуна мониторинг жүргүзүү боюнча долбоорго тартылган аймактык байкоочулар үчүн окутуу өткөргөн.

Окшош посттор

Ош журналисттери өз пресс-клубуна ээ болушту

admin
04.09.2014

“Апрель” телеканалынын обого чыгуу аракетине тоскоолдук жаратышты

admin
18.10.2019

«ММКлар аймактарды өнүктүрүү жөнүндө» сынагы

admin
01.02.2013