Журналисты
Жаңылыктар

«Олам» гезитинин коммерциялык директорун сабап кетишти

Бул боюнча «Олам» гезитинин коммерциялык директору Павел Столяренко-Громский өзү билдирди.

Айтымында, ал «Аалам» гезитинин редактору Арафат Мурзабековго кайрылып, өзүн коммерциялык директорлукка дайындаган буйруктун көчүрмөсүн сураган. Мунун себеби гезиттин негиздөөчүсү Шамшыбек Медетбеков менен жаңы редактордун орунбасары Бегижан Ахмедов Столяренко-Громскийдин милдеттерин чектеп салган. Ал директор болуп дайындалгандан бери ушул убакка чейин гезит негиздөөчүсү эмгек келишимине кол койбой келген.

Буйрук «Олам» гезитинин бухгалтериясында, ал эми гезиттин кеңсеси «OnClinic» медицина борбору менен жанаша жайгашкан. 23-апрелде OnClinic борборунун директору Бакыт Иманкулов Столяренко-Громскийди муунтуп, сабай баштаган, ал Мурзабеков менен Павел Столяренкону коңшу бөлмөгө түртүп киргизген. «Рентген сүрөттөрү менен текшерүүдө Столяренконун жону сыйрылып, мойну көгала болгонун аныкталды. Столяренко Биринчи Май РИИБине арыз жазып, 24-апрелде кайтадан текшерүүдөн өттү».

“24.KG” МА

Окшош посттор

Стипендиальная программа им. Лэйна Киркланда

Administrator
07.01.2013

Президенттин аймактарга иш сапарындагы жолугушууларга журналисттер тандалып киргизилип жатат

Administrator
16.07.2019

Путин Орус ЖМКга чет элдиктердин кирүүсүнө чек койду

Administrator
16.10.2014