Журналисты
Жаңылыктар

Журналисттерге коркутуулар түшүп жатат

Жарандык активист, журналист Эркин Рыскулбековду коркуткандар болуп жатат, дейт “Чагылган” сайты. Бул тууралуу Э. Рыскулбеков өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып, белгисиз адамдар жөнөткөн аудио билдирүүнү жарыялаган.

Эркин Рыскулбеков бул опузаны «Азаттыктын» эфириндеги билдирүүсүнө байланыштырууда, дейт “Чагылган”. Ал 7-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Достук» мейманканасында депутаттардын жыйыны боюнча пикирин айткан.

“Сырттагы эл «импичмент» деп кыйкырып атканда, Садыр Жапаров чыгып алып, «биз кечке эле президентти алмаштыра беребизби, президент иштей берсин» деп айтты. Демек, ал Жээнбековдордун жана Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган”, — деген эле.


Азырынча Э.Рыскулбековду коркутуу боюнча ИИМ комментарий бере элек, дейт “Чагылган”

Ошондой эле коркутуулар белгилүү фактчекер-журналист Болот Темировдун атына да келип түшкөн. Өзүнүн Фейсбук баракчасында ал ушундай бир коркутуунун скринин чыгарып койгон.

Белгилей кетсек, 5-7-октябрларда элди маалымат менен камсыздап өз ишин аткарып жүргөн журналисттерге бир нече кол салуулар болгон.

Окшош посттор

Болот Темиров менен Болот Назаров үй камагына чыгарылды

Administrator
24.01.2022

ИИМдин криминалдык милиция кызматы 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясын чагылдырган журналисттерге телефон чалып чыгышууда

Administrator
27.11.2019

Устат-шакирт сабак-таалим системасынын кезектеги сессиясына устаттарды тандоо башталды

Administrator
05.12.2014