Журналисты
Жаңылыктар

Уюмубуздун окутууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейди

“Журналисттер” коомдук бирикмесинде журналисттерге окутууларды уюштуруу боюнча  мүмкүнчүлүктөр кеңейди. Июнь айында “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен төмөндөгү тизмедеги техника каражаттары алынды:

  1. Power Bank 20000 mаh
  2. DJI OM4 стабилизатору
  3. Boya MI микрофону
  4. 668 жана 2.80 штативдери
  5. Жарык берүүчү мобилдик жабдык
  6. Besview телесуфлеру
  7. Samsung 7″ планшети
  8. Фотоаппарат жана видеокамера үчүн кофрлор
  9. LED проектору
  10. Codox 1000 жарык берүүчү жабдык

Бул жабдуулар “Журналисттер” КБга мобилдик журналистика боюнча окутууларды өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет. Жакынкы аралыкта журналистика боюнча, анын катарында мобилдик журналистика боюнча окутууларды өткөрүү пландаштырылууда. Окутуулардын айрымдары акы төлөөнүн негизинде уюштурулмакчы. Окутууларды өткөрүүгө белгилүү кесипкөй адистер тартылат.

Ошондой жаңы жабдуулардын жардамы менен сапаттуу видео материалдарды, журналистика тууралуу окутууларды видеого тартып, уюмдун ютуб каналына жана коомдук тармактарга чыгаруу пландар бар.

Окшош посттор

Руководителя джалал-абадской газеты пытаются выжить (обновлено)

Administrator
31.05.2012

Сурамжылоо: Элдик каржылоо

Administrator
24.06.2019

2021-жылдын май боюнча ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг

Administrator
16.06.2021