Subscribe Now

* You will receive the latest news and updates on your favorite celebrities!

Trending News

 

Аналитика

Жабылуу же жашап кетүү. Ысык-Көлдүк ЖМКлар соцтармактарды кантип өздөштүрүүдө

Жабылуу же жашап кетүү. Ысык-Көлдүк ЖМКлар соцтармактарды кантип өздөштүрүүдө

DATAREPORTAL порталынын акыркы маалыматы боюнча, дүйнөлүк желени Кыргызстанда 3,32 млн киши колдонот. 2020-жылдан тартып, колдонуучулардын саны дагы 260 миңге көбөйгөн, бул пайыздык катыш боюнча 8,5 пайызды түзөт.

Көпчүлүк кыргызстандыктар ар түрдүү маалыматтарды интернеттеги булактардан алганды жактырат. Ысык-Көлдүктөр дагы мындан четте калган жок.

Салттуу медиа экинчи планга өттү. Мындай тыянакты 2020-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин социологу Жаңыл Бөкөнтаева жүргүзгөн социологиялык сурамжылоо тастыктайт.

“Караколдуктар интернетти активдүү колдонот, негизинен жаштар жана андан улуурак муун дүйнөлүк желени жакшы өздөштүргөн. Ал эми пенсия курагындагы жарандар негизинен, адат боюнча, дагы деле ТВ көрөт жана радиону угат. Бирок учурда социалдык медиага жана мессенджерлерге өтүү тенденциясы байкалат. Жаштар жергиликтүү телени дээрлик көрбөйт жана радиону укпайт”, – деп Ж.Бөкөнтаева белгилейт. – Бүгүнкү күнү бардык ЖМКга өздөрүнүн форматын өзгөртүүгө жана дайыма Интернет менен байланышта болуп турган өз окурманына, көрүүчүсүнө жана угарманына багыт алууга убакыт келди”.

Мурда Караколдо эки жеке менчик телеканал болгон. Алардын бири «АнтенТВ» кадрлардын жана каржынын жоктугунан жабылган. Экинчиси – “ЭМТВ” азыр орусиялык «РЕН ТВ» каналын улуттук деңгээлде алып көрсөтөт. Анда өздүк программалар жок.

Өздүк контентин – жергиликтүү жаңылыктарды жана программаларды өндүргөн жападан жалгыз телеканал – бул “Ысык-Көл ТВ” облустук мамлекеттик телекомпаниясы, ал Ысык-Көл аймактык мультимедиа борборунун курамына кирет.

Радио берүү боюнча кырдаал бир аз түзүк. Бүгүн жеке менчик үч радиостанция: Nik FM, «Артек FM», «Волна Иссык-Куля» радиолору иштеп жатат. Алардын бардыгы толкунун жарым-жартылай таратат жана облусту толук камтуусу менен мактана албайт. «Артек FM» эфиринде музыка жана жарнак гана бар. Калган эки радиостанция өз контентин өндүрүүгө аракет кылып келет.

Облустук мамлекеттик гезиттер «Ысык-Кол кабарлары» жана «Вести Иссык-Куля» мультимедиалык борбордун бир бөлүгү болуп калды. Алар жумасына бир жолу чакан нуска менен чыгат.

Уюштуруучулары Каракол ш. мэриясы жана жеке менчик басмакана болгон жападан жалгыз «Каракольская правда» шаардык гезити жумасына бир жолу 800 нуска менен чыгып турат.

Эскиче иштеген, бирок саналуу нуска менен чыккан райондук гезиттер дагы бар. Облуста 5 райондук жана Балыкчы шаарында бир шаардык гезит чыгы келет. Алар нускасы 1500 даанадан ашпаган санда эки жумада бир басылып чыгат.

Бирок жергиликтүү ЖМК баракчаларын интернеттен табуу татаал. Облустун жашоочулары, анын ичинде, Каракол шаарынын тургундары жергиликтүү ЖМКлардын соцтармактардагы баракчаларын билбейт.

“Мен жаңылыктарды Фейсбуктан окуйм жана кээде бишкектик каналдардын жаңылыктарын көрөм, бирок эгерде мен Фейсбуктан же Инстаграмдан Каракол жөнүндө жаңылыктар бардыгын билсем, анда ачып окуйт болчумун”, – деп оюн бөлүшөт Каракол ш. тургуну Зарина Ш.

 

Эмнеге мындай болуп жатат?

«Волна Иссык-Куля» радиосунун директору Рустам Назаров, бүгүнкү күнү интернеттен бардыгын табууга болот деп эсептейт.

“Радио угуп же телевизор көрүүнүн эч кандай зарылдыгы жок. Акыркы жаңылыктар жана түз берүүлөр – бардыгы смартфондон жеткиликтүү болуп калды. Атүгүл жарнак дагы Интернетке кете баштады – салттуу ЖМК каржылык булагы жок калды. Жашап кетүү кыйындай баштады”, – деп белгилейт Р. Назаров.

Жергиликтүү ЖМК өз контентин интернет мейкиндигине таратуунун зарылдыгын түшүнөт жана ушул багытта алгачкы кадамдар жасалып жаткандай.

Жакында түзүлгөн Ысык-Көл аймактык медиа борбору бир жылдан бери өз контентин социалдык тармактарга жайгаштыра баштады. Бул жаңылыктар, түз эфирлер жана автордук программалар.

Аймактык борбордун директору Чолпон Шаикованын сөзү боюнча, алар да мезгилден артта калбаганга аракет кылып жатышат.

“Биз мурда өзүбүздүн жаңылыктарыбызды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтына чыгарчубуз. Анан жарым жыл мурда гана социалдык тармактарга интеграция башталды. Апрелден тартып басма материалдарды дагы жайгаштырууну пландап жатабыз”, – деп баса белгиледи Ч.Шаикова.

Азыр борбордо журналисттердин материалдарын интеграциялоонун үстүндө эки кызматкер иштеп жатат. Facebook баракчасы иштей баштады, Instagram ичинде Ikmediacentr баракчасы бар, YouTube каналында “Ысык-Көл областтык медиа центр” каналы иштейт (9,5 миң адам катталган). Медиа борбордун жетекчилиги контентти кеңейтүүгө жана аудиторияны көбөйтүүгө ниет кылууда.

Ушул эле маселеге «Волна Иссык-Куля» радиостанциясынын жетекчилиги дагы көңүл бурууда. Азыр радионун эфиринде кыргыз тилиндеги жаңылыктар жана “Шайлоо 2020-2021” долбоору боюнча программа бар. Аталган программанын радионун жарым жыл мурда түзүлгөн ютуб каналына чыга турган видео версиясы дагы бар. Ошондой эле, Фейсбук баракчасы дагы иштеп жатат.

“Биз Фейсбук жана ютуб каналдагы аудиторияны көбөйтүүнү пландап жатабыз. Башкалар менен атаандашып жана иштеп табыш үчүн контентти жакшыртабыз жана кеңейтебиз”, – деп бөлүштү Р.Назаров.

Бирок бардыгы эле соцтармактарга кирүүгө шашкан жок. Ар түрдүү себептер боюнча. Айтсак, дээрлик заманбап шарттарда иштеп жаткан «Артек FM» радиосу соцтармактарда өзүнүн баракчаларын ачууга эч шашкан жок. Радио директору Т.Касымалиевдин сөзү боюнча, бул үчүн аларда мүмкүнчүлүк – кадрлар жана каржы жок.

Ошол эле учурда Nik FM радиосу каржы маселесин Интернеттин жардамы менен чечүүгө аракет кылууда. Радио кызматкерлери бир жылдан бери социалдык тармактарды активдүү өздөштүрүүдө. Алар өздөрүнүн радиопрограммаларын 102 гана катталуучусу бар ютуб каналга коюшат. Фейсбукта жана Инстаграмда баракчалар алып барылат. Жетекчиликтин айтымында, алардын планында өздөрүнүн маалымат сайтын түзүү дагы бар.

Бирок жергиликтүү электрондук ЖМК соцтармактардагы ийгилиги анча эместигин моюнга алыш керек. Айтсак облустук мультимедиалык борбордун баракчасына 851 киши, ал эми Nik FM радиосуна – 1953 киши гана жазылган.

Ал эми райондук гезиттердин редакциялары глобалдык маалымат мейкиндигине чыгууну ойлогон да жок. Мисалы, «Каркыра» гезитинин башкы редактору Муратбек Жумакадыров анын эч зарылчылыгы жок деп эсептейт. “Бизде жазылуу бар. Жалгыз иштейм, андыктан дагы бирөөнү алууга мүмкүнчүлүк жок” – дейт басылманын башкы редактору.

 

Аймактык ЖМКларда чоң мүмкүнчүлүктөр бар

Өлкөнүн белгилүү SMM-адиси Светлана Марголис, аймактык ЖМКларга алардан эрте иш баштаган, алда канча активдүү жана контенти абдан кеңири республикалык маалымат агенттиктери менен атаандашууга туура келет дейт. Алар колдонуучуларды тартып кетип жаткан көңүл ачуучу контент менен дагы атаандашууга аргасыз болушат.

“Социалдык тармактардагы ЖМК баракчаларын талдап көрүп, мындай тыянак чыгарууга болот: Инстаграм баракчалар дайыма жаңыланбайт. Баарында эле комментарийлер, хэштегдер боло бербейт, бардыгы эле комьюнити менен иштебейт. Ютубда абал бир аз жакшырак. Дайыма жаңылоо, кандайдыр бир баяндоолор бар. Бирок бул жетишсиз, көбүрөөк хэштегдер жана кыргыз тилиндеги баяндоолор керек”, – деп С.Марголис пикири менен бөлүшөт.

С.Марголистин студиясы 2020-ж. Инстаграмды өнүктүрүү боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча, бир жыл ичинде Кыргызстандагы Instagram колдонуучулардын саны 300 000гө көбөйгөн жана азыр алардын катары 2 300 000 кыргызстандыкка жетти. 960 000 киши Бишкектен жана 190 000 Оштон катталган.

«Андыктан аймактык ЖМКлар Инстаграмды колдонуучуларды тарта турган аспап катары колдонушса болот. Өздөрүнүн комьюнитисин (катталуучулар коомчулугун) өнүктүрүү дагы зарыл. Анткени бул үчүн аймактык ЖМКларда зор мүмкүнчүлүктөр бар”, – деп С.Марголис эсептейт.

Анын пикири боюнча, жергиликтүү ЖМК Интернетте аз болушунун негизги  көйгөйү – аларда соцтармактар менен иштешүү боюнча атайын билимдердин жоктугу.

Нургүл Шаршембиева

Окшош посттор