Журналисты
Жаңылыктар

Сот алгач тергөөчүнүн аракетине даттанган журналист Канат Каниметовду колдоду

Сот «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметовдун сурактан кийин тергөөнүн мазмунун жарыялабоо жөнүндө тил катка кол коюуну сураган Аламүдүн РИИБнын алгач тергөөчүсүнүн аракетине карата даттануусун канаттандырды. Бул иш боюнча Аламүдүн райондук сотунун жыйыны 24-майда болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө алгач тергөөчү Азамат Калыбеков, журналисттин посту президент жөнүндө болгон себептүү кырдаал аныкталганга чейин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча каттоо чечими кабыл алынганын билдирди. Эгерде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал начарлаган болсо, анда иш башка берене боюнча өзгөртүлүп каралышы мүмкүндүгүн да белгилеп өттү.

К.Каниметовдун постунда, беренеде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери болгонбу деген соттун суроосуна алгач тергөөчү так жооп айта алган жок, бирок ойлонууга убакыт сурады. Ошону менен бирге, тергөөнүн мазмунун жарыялабоо тууралуу тил кат ыкчам иш-аракеттердин бардык катышуучуларынан алына турганын билдирди.

Алгач тергөөчү жарыялабоо жөнүндө тил катка кол коюуну талап кылганын мойнуна алган жок, жөн гана документке кол коюуну сураганын билдирди. Ал иште эч кандай сыр жок болгонун тастыктады.

«Эч кандай жеке кызыкчылык жок. Сурак тергөө иш-аракети болгондуктан сурадым», – деди ал.

Сот жарыялабоо жөнүндө тил кат эмнеге алынганын негиздеп берүүнү сурады. Алгач тергөөчү бул иш «тергөө аракети…Эч кандай сыр жок» деген жоопторду айтты.

Сот менен алгач тергөөчүнүн сөзүн уккан прокурор Канат Каниметовдун алгач тергөөчүнүн иш-аракетинин мыйзамсыздыгы жөнүндө арызын колдоду жана бузууну жөнгө салууну өтүндү. Судьялар кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келгенден кийин Канат Каниметовдун даттануусу сот тарабынан канааттандырылды.

Эске салсак. 2021-жылдын 12-майында Канат Каниметов социалдык тармакка чыгарган посту боюнча күбө катары суралган. Суракта К.Каниметов өзүнүн пикирин эркин билдирүү жана сөз эркиндиги конституциялык укуктарына кирерин белгилеген.

Канат Каниметовго карата КР «Жоруктар жөнүндө» Мыйзамынын 119-беренеси боюнча (“Майда бейбаштык”) сотко чейин өндүрүш жүргүзүлүп жатат, ал эми Маалыматты каттоо журналына каттоо үчүн негиз катары, журналисттин посту «өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалдын начарлашына алып келиши мүмкүн» деген жүйө көрсөтүлгөн.

Азамат Касыбеков,
«Журналисттер» КБн
ын Чүй обл. жана Бишкек ш. боюнча өкүлү

Окшош посттор

До окончания конкурса среди журналистов Кыргызстана «Защищая Родину» осталось меньше месяца

admin
07.10.2013

Фотоконкурс на тему “Потерянное и найденное” от Darkroom gallery

admin
25.01.2013

Ош шаардык мэриясы маалымат бербегени үчүн журналист прокуратурага эки арыз таштады

admin
28.11.2019