Журналисты
Жаңылыктар

(COVID-19) коронавируска байланыштуу окуяларды чагылдырып жаткан журналисттер менен ЖМК өкүлдөрүнө сунуштама

COVID – 19 коронавирус жугуштуу илдетине байланыштуу окуяларды чагылдырууда журналисттер менен ЖМК өкүлдөрү төмөндөгү эрежелерди эске алуулары сунушталат.

  1. Эгерде жугуштуу илдетти жугузуп алган адамга жакын болсоңуз сөзсүз түрдө коргонуучу бет капты кийүүңүз зарыл.
  2. Коронавирусту жуктуруп алган адамдан интервью алып жатканда микрофонду атайын узарткыч таякча менен сунган оң.
  3. Интервью маалында микрофондун башындагы шамалдан коргой турган кийгизмесин чечип койгула. Интервью алып бүткөн соң үн жаздыруучу жабдуу менен микрофонду сөзсүз түрдө инфекциядан тазалоо керек.
  4. Маектешип жаткан адамыңар эгерде чүчкүрсө, же жөтөлсө, же болбосо дене табы ысып турса, анда ал адамдан 1-1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл. Эгерде сиз ал адамга жакын турсаңыз жугуштуу илдет жөтөл, чүчкүрүү маалында сизге жугушу мүмкүн.
  5. Иштеп бүткөн соң колдонулган бет каптын ички бетин жүзүңүзгө тийгизбей акырындык менен чечип, андан кылдаттык менен арылуу зарыл. Андан соң колду самындап жууйбуз. Бет капты 2 сааттан ашык пайдаланбоо керек.
  6. Иш маалында пайдаланган буюмдарыңарды утур бир нече саат сайын атайын тазалоочу каражаттар менен сүрүп, тазалап турууңар зарыл.
  7. (COVID – 19) коронавирусту жугузуп албоо үчүн жалпы эрежелерди сактооңор зарыл: колду тез-тез самын менен жууп тургула. Бет, көз, мурун менен оозуңарга колуңарды тийгизбегиле. Чүчкүргөндө мурун менен оозуңарды жаап тургула.

Маалымат булагы: www.stopcov.ge; * www.cdc.gov

Окшош посттор

Эшимканов фонду ЖМКлар арасында турнир өткөрөт

Administrator
20.06.2012

Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык ассоциация (IFEX) Кыргызстандын Өкмөтүн Kloop Mediaны куугунтуктоону токтотууга жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чакырды

Administrator
28.10.2023

24.kg:Тамаша торго салабыз деп иши сотко өткөн кабарчыларга карата сот иши башталат

Administrator
13.02.2013