Журналисты
Жаңылыктар

Журналистика мектебиндеги алгачкы окутуулар

Журналисттик кесип такай жаңы нерсеге үйрөнүп, жаңы билим алып, кесиптик деңгээлин жогорулатып турууну талап кылат. Кеминде дегенде журналист катары өскүсү келгендерге. Бирок Кыргызстанда бул жааттагы окутуулар башаламан өткөрүлүп жаткандай мамиле калтырат. Буга ар кайсы уюмдар мезгил талабы боюнча өз түшүнүгүнө, тапкан донордук каражаттарына жараша окутууларды уюштуруп жатканына байланыштуу. Кээ бирде эки башка уюм бир учурда окшош окутууларды өткөрүп калганы кездешет. Ар кайсы окутуулар ар-кайсы жерлерде уюштурулуп турганы да журналисттерди алагды кылат.

Учурда туруктуу иштеген Журналистика мектептерин ачып, аны алып баруу аракеттери жасалып жатат. Буга “ММКны колдоо борборунун”, Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчулүгүнүн жана КЛООП порталынын окутуулары күбө.

Биз да ушундай мектепти ачууга, анын ишин жөнгө салууга көптөн бери аракет кылып келебиз. IMS уюмунун, АКШ элчилигинин алдындагы Демкомиссиянын колдоосунда ушундай мектепти эки жыл иштетип келдик. Бирок гранттык каржылоо токтогондуктан мектептин иш алып баруусу да токтоп калган эле. Ошол эле учурда мындай Мектептен билим алууга муктаждык дагы эле чоң. Бизге көп кайрылышат, дагы да окутууларды өткөрөбүзбү деп. Бул бизди кубантат. Демек, окутууларыбыз журналисттер үчүн пайдалуу болгон экен. Демек бизге ишеним бар.

Каражат жок деп отура бербей өзүбүздүн күчүбүз менен Журналистика мектебин жанданталы деп чечтик. Бирок гранттык каражттар жок болгондуктан, бул окутуулар акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлмөкчү (1 курс 300 сом).

Азырынча биз эки курсту сунуштап жатабыз:

БЛОГ АЛЫП БАРУУ (окутуучу Марат Токоев)

ЖАЗГАНЫБЫЗ ЖАКШЫ ОКУЛСУН ДЕСЕК (окутуучу Жыргалбек Касаболотов)

Аларды 10-14-июнь аралыгында өткөрүүнү пландаштырдык.

Катышкыла. Жазылгыла. 

Окшош посттор

Игорь Шестаков: В Кыргызстане, по разным оценкам, не менее 70 процентов СМИ принадлежат членам партий или самим партиям

Administrator
29.05.2012

В начале декабря будет названо имя первого победителя конкурса, учрежденного фондом имени Эшимканова

Administrator
29.11.2012

Салттуу ЖМКлар үчүн сайтка киргендердин санын өстүрүү боюнча тренинг өткөрүлөт

Administrator
06.02.2014