Журналисты
Жаңылыктар

Ошто кабарчыга коркутуулар болуп, ага карата доо арыз түштү

Оштогу TMG телеканалынын кабарчысы Самара Парпиева журналисттик ишмердигине байланыштуу үй-бүлѳсүнѳ коркутуулар болгонун айтып чыкты. Ал муну «Мөл-Булак» балдар бакчасынын мурдагы жетекчисине байланыштырууда.

«Жолдошума бакча жетекчисинин уулу болом деген бирѳѳ телефон чалып, «Аялыӊ менен башкача сүйлѳшүп калышыбыз мүмкүн, алдыӊан ѳтүп коеюн дедим»,- деп телефон чалыптыр. Башында маани бербедим эле, сын материал үчүн ачуудан сүйлөп жатат деп», – дейт Самара Парпиева.

Самара Парпиева 5-февралда Ош шаарындагы «Мөл-Булак» балдар бакчасынын абалы жөнүндө «Жарандык кѳзѳмѳл» берүүсү үчүн видеоматериал даярдаган. 9-февралда берүү TMGнын YouTube каналына, ал эми 14-февралда телеэфирге чыккан.

«Мөл-Булак» балдар бакчасынын мурдагы жетекчиси Турсунай Касымова Самара Парпиеванын үстүнөн доо арыз жазган. 24-февралда кабарчы прокуратурага чакырылып, доо арыз менен тааныштырылган.

«Программаны эфирге чыгарбоо үчүн 500 доллар пара сурады» деп даттаныптыр. Бул жалган жалаа», – деди С.Парпиева.

Доо арыз боюнча Турсунай Касымовадан маалымат алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

TMG телеканалы журналистке коркутуу болуп, куру доомат коюлуп жатканы боюнча милицияга арыз жазды.

«Кечээ биз Ош шаардык ички иштер башкармалыгына билдирүү жазганбыз. Ошол билдирүү арыз катары каттоого алынып, териштирүү иштери башталды», – деди TMG телеканалынын продюсери Нурлан Адаев.

«Мөл-Булак» бала бакчанын абалы тууралуу программа чыккандан кийин, Ош шаардык мэриясы атайын комиссия түзүп, иликтөө иштерин баштаган. Бала бакчанын жетекчиси кызматынан убактылуу четтетилген.

Гүлзат Газиева,
«Журналисттер» КБнын Ош областы боюнча өкүлү

Окшош посттор

ИИМдин криминалдык милиция кызматы 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясын чагылдырган журналисттерге телефон чалып чыгышууда

admin
27.11.2019

Кыргызстанда журналист кыз-келиндердин арасында “Акыл карачач” конкурсу жарыяланды

admin
10.09.2012

ВДЦ «ОРЛЁНОК» приглашает принять участие в проекте “Продли лето”

admin
31.07.2012