Журналисты
Жаңылыктар

“Журналисттер” КБ аудио жана видео жабдууларды сатып алууга тендер жарыялайт

“Журналисттер” КБ телевизиондук контент өндүрүү үчүн керектүү жабдууларды сатып алууга тендер жарыялайт.

Техникалык мүнөздөмөлөр (көчүрүп алуу)

Жеткирүү дареги: «Журналисттер» КБнын кеңсеси.

Тендердик билдирүүлөрдү кабыл алуунун мөөнөтү – 2019-жылдын 29-ноябры, 17:00.

Тендерге катышуу боюнча билдирүүлөрдө (баасынын көрсөтмөсү, алып келүү мөөнөтү жана кызмат көрсөтүү кепилдиги, жетекчинин колу жана мөөр басылуусу шарт). Билдирүүлөр Бишкек ш., Курманжан-Датка көч. 144, HYUNDAI LIFT ишканасынын имаратынын 2-кабатында 3-бөлмөдө чапталган конверт түрүндө кабыл алынат.

Бардык салыктар жана жабдууларды алып келүүдөгү төлөмдөр КР мыйзамдарына ылайык камсыздоочу тараптан төлөнүүсү шарт.

Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан сертификациялана (күбөлөнө) турган жабдуулардын сартификаты болушу абзел.

Бардык жабдыктар 220v/50Hz стандартындагы электр булагынан иштеши керек (вилкалары Тип F же КРде колдонулган стандарттарга туура келиши шарт).

Алдын ала төлөм – 30 пайыздан ашпоосу зарыл.

Кошумча маалыматты төмөндөгү телефон номери аркылуу алсаңыздар болот: +996 (0772) 28-18-78 (“Журналисттер” КБ башкармалыгын төрагасы Марс Тулегенов).

Окшош посттор

“Кыргызнефтегаз” ААК маалыматка жетүү укугун бузду

admin
21.06.2019

Журналисттерди “Дем” бириктирет

admin
08.11.2012

Караколдук журналисттин иши боюнча соттошуу башталды

admin
29.01.2021