Журналисты
Жаңылыктар

«Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» тренингине катышууга сынак жарыяланды

«Журналисттик иликтөөлөр» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «КРда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Ош шаарында өтө турган «Журналисттик иликтөө: идея издөө, булактар менен иштөө жана фактыларды текшерүүдөн тарта жайылтууга чейин» аталышындагы 3 күндүк тренинге катышуу үчүн журналисттер, блогерлер жана жарандык активисттер арасында сынак жарыялайт.

Тренингдин максаты:

Журналисттик иликтөөгө негиз боло ала турган коомдук маанидеги фактыларды коопсуз издөө, документештирүү, текшерүү жана медиатизациянын (жайылтуу) эл аралык стандарттары менен журналисттерди жана жарандык активисттерди тааныштыруу.

Тренингдин программасы:

Катышуучулар тренинг маалында өздөрүнүн иликтөө идеялары боюнча тренерден жекече кеңеш алып, долбоорун иштеп чыга алат. Жана тренингдин катышуучуларынын бул долбоорлору “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Журналисттик иликтөө» фондунун чакан гранттар сынагынын алкагында каржылоого каралышы ыктымал.

Тренер: Владимир Тхорик – журналист, RISE Moldova репортер-иликтөөчүлөр ассоциациясынын орус тилдүү бөлүмүнүн редактору, Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) мүчөсү (тренер жөнүндө кенен маалымат алдыда).

Тренинг 2019-жылдын 3-5-июлунда Ош шаарында өтөт.

Тренинг орус тилинде өтүп, кыргыз тилиндеги котормо менен коштолот

Тренинге катышуу толугу менен акысыз. Уюштуруучулар тренинг маалында тамак-аш, керектүү материалдар менен камсыз кылат.

Ким катыша алат?

Тренинге катышуу үчүн өз кайрылуусун журналисттик иликтөө менен алектенип жүргөн жана журналисттик иликтөөгө жарамдуу идеялары бар журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер жолдой алат.

Башка аймактардан келе турган катышуучулар транспорттук жана жатакана чыгымдарын өздөрү жабышы керек.

Катышуучулар тренингдин 3 күнүнө тең толук катышуусу абзел, саат 9.00дөн 18.00гө чейин.

Тренинге кантип катталса болот?

Тренинге катышууну каалаган талапкерлер КАЙРЫЛУУ КАТЫН толтуруп, ага өз резюмесин тиркеп «Тренинге катышуу үчүн кайрылуу” деген белгилөө менен jif@jif.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү абзел.

Кайрылуу катынын формасын БУЛ ЖЕРДЕН жүктөп алыңыз.

Тренингдин катышуучулары сынактык негизде аныкталат.

Кайрылуу катын жөнөтүүнүн акыркы мөөнөтү 2019-жылдын 15-июну. Катышуучулардын саны чектелүү.

Бегиленген мөөнөттөн кеч келген кайрылуулар каралбайт.

МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: «Журналисттик иликтөөлөр» фонду тандалып алынган катышуучулар менен гана байланышат!

Тренинге катышууга байланышкан бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Гүлмира Эсенгелдиевага +996 0700 777 856 телефону же g.esengeldieva@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыз болот.

Тренер – Владимир Тхорикжурналист, RISE Moldova репортер-иликтөөчүлөр ассоциациясынын орус тилдүү бөлүмүнүн редактору, Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) мүчөсү.

Владимир Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү саясий жана экономикалык кылмыштардын ар кыл аспектлерин иликтөө боюнча 10 жылдан ашуун тажрыйбага ээ. Тхорик активдуу практикалык ишмердиги менен катар ар кыл эл аралык аянтчаларда өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, доклад окуп, журналисттик иликтөөнүн маанилүү аспектлери боюнча тренингдери өтүп келет.

Владимир Тхорик тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн айрым темалары: эл аралык уюшкан кылмыштуулук, криминал менен саясатчылардын байланышы, офшордук юрисдикцияларга байланышкан операциялар, салык кылмыштары жана арам акчаны адалдаштыруу, контрабанда жана эл аралык соода шылуундугунун аспектлери.

Владимир жогоруда айтылган аймактардагы кесиптештери менен бирге трансулуттук журналисттик иликтөөлөргө такай катышып келет. Владимир Тхорик Панама архиви (Panama Papers) деп таанылган глобалдуу иликтөөгө катышкан. Анда дүйнөнүн бардык континеттериндеги 107 маалымат каражатынын өкүлдөрү биргелешип жер шаарындагы белгилүү адамдардын (саясатчылар жана гангстерлер) офшорлоруна байланышкан маалыматтар топтомун иликтешкен.

Владимирдин аймактык, трансулуттук иликтөөлөрүнүн арасында сепаратисттик бизнес-кландардын Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн экономика жана саясатына тийгизген таасири туурасындагы иликтөөлөр сериясын өзгөчө белгилөөгө болот:

*Петра Порошенконун фирмасы (ал кезде Украина президенти болчу) расмий Кишиневдун артынан туруп приднестр олигарх-сепаратисттери менен бизнес жүргүзгөнү туурасында иликтөө;

*Мамлекеттик дума депутатына таандык бейөкмөт уюм Россиянын вице-премьеринин колдоосуна жамынып эки эсе кымбат баада алынган контрабандалык гумжардамды Молдовага алып барганы жөнүндө иликтөө;

*Компаниялар кантип эл аралык санкцияларды айланып өтүп Украина аркылуу аннексияланган Крым менен соода кылып жатканын Молдова фирмаларынын мисалында далилдеген.

Журналист иликтөө ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтканда, «сезимтал темалар болбойт, болгону биз далилдөөгө милдеттүү болгон фактылары бар», – дейт. Владимир Тхорик эмгектенген бейөкмөт уюм (RISE Moldova) иликтөөчүлөр коомчулугунун бөлүгү болуп саналат жана алардын башкы кредолорунун катарында коомдук маанидеги фактыларды инновациялык жол менен издөө жана текшерүү турат. RISE Moldova Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборуна (OCCRP) кирет, ошондой эле Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциумуна (ICIJ) жана Журналист-иликтөөчүлөрдүн глобалдуу тармагына (GIJN) мүчө.

Окшош посттор

Мамлекеттик спорт агенттиги жаңы маалымат борборун ачты

admin
29.08.2013

В Кыргызстане идет национальный интернет-конкурс среди сайтов

admin
23.08.2012

Всемирная организация здравоохранения предлагает грант для журналистов

admin
12.07.2012