Журналисты
Жаңылыктар

«Журналисттер» коомдук бирикмеси IFEXтин Жалпы жана Жылдык жыйындарына катышты

Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык желеси IFEXтин Жалпы жана Жылдык жыйындары 2024-жылынын 14-16-апрелинде Берлин шаарында болуп өттү. «Журналисттер» коомдук бирикмеси ага IFEXтин мүчөсү катары катышты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар IFEXин Уставына өзгөртүүлөрдү кабыл алышы. Ошондой эле IFEXтин Стратегиялык планына жана Кызматташтык Принциптерине карата катышуучулардын сунуштары айтылып, талкууланып чыкты.

IFEXтин Секретариаты 2023-жылдын аткарылышы боюнча отчётун жана 2024-жылдын бюджетине каражаттардын түшүшү жөнүндө маалыматын берди.

Ошондой эле Жыйындын жүрүшүндө IFEXтин коноктору жана өнөктөштөрү менен жолугушуулар болду. Мындан аркы кызматташтыктын багыттары жана түрлөрү талкууланды. Жалпысынан Жыйынга Азиядан, Африкадан, Европадан, Түндүк жана Түштүк Америкадан, Тынчык Океаны жана Кариб бассейнинен келген 136 улуттук жана регионалдык уюмдун өкүлдөрү катышышты.

«Журналисттер» Коомдук бирикмеси 2009-жылда IFEXке мүчө болгондон бери анын иш-чараларына, кампанияларына жана демилгерине активдүү катышып келе жатат.

Окшош посттор

К.Кыдыров: Нарында “өзүбүзчө” деген термин пайда болду

admin
19.03.2021

ИИМден шайлоону чыгалдырган журналисттердин тоскоолдуксуз иш алып баруусун камсыздоону талап кылышты

admin
08.01.2021

У New York Times 668 000 платных подписчиков. И другие итоги 4-го квартала 2012 года

admin
08.02.2013