Журналисты
Жаңылыктар

Таңкы телешоу даярдаган редакциялар президенттен акчалай жардам алды

Кыргызстанда таңкы телешоу программаларды даярдаган редакциялар президенттик фонддон акчалай жардам алды.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жалпысынан 600 миң сом бөлүп берүү тууралуу буйрукка кол койгонун бүгүн президенттин маалымат кызматы кабарлады.

​КТРКнын «Замана» студиясына, «ЭлТР», «5-канал» жана «НТС» телекомпанияларына ар бирине 150 миң сомдон берилди. Бул каналдарда таңкы эфирге жооптуу редакторлор менен кечээ президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жолугуп, алардын эл арасында позитивдүү маанай жаратуудагы ролу зор экенин белгиледи.

“Азаттык”

Окшош посттор

ФЕЦА объявляет конкурс на производство социальных видеороликов на тему «Охрана прав и защита интересов детей»

Administrator
10.09.2012

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу жаңы өкүлү журналисттерге маалымат алуу жеңилдейт деп убада берди

Administrator
08.05.2019

Factcheck.kg сайтынын журналисти Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча медиа коомчулуктун билдирүүсү

Administrator
09.01.2020