Журналисты
Жаңылыктар

“ПолитКлиника” интернет-басылмасынын кеңсесине түнкүсүн белгисиз бирөөлөр кирип, карактап кетишти

“ПолитКлиника” медиа интернет-басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимованын билдирүүсундө, 3-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр Фрунзе көчөсүндө жайгашкан кеңсесинин терезесиндеги темир торду талкалап, ичкери киришкен. Кеңсенин ичинде эмеректер, иш кагаздар чачылып, керектүү маалыматтар камтылган хард диск жоголгон.

Буга чейин биз бир нече темада журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөнбуз. Телефон аркылуу коркутуулар түшкөн эмес. Биздин оюбуз боюнча, белгисиз адамдардын негизги максаты – талап-тоноо эмес, керектүү кагаздарды алып кетүү экенин түшүндүк. Анткени, кымбат баалу техникалык каражаттар ордунда, аларга тийишпептир. Болгону жанагы маалыматтар сакталган хард диск, журналисттердин жазуу күндөлүктөрү жана айрым кагаздар жок. Биз азыр ички шитер бөлүмүнө арыз менен кайрылдык. Андан сырткары биз өз алдынча дагы иликтөөлөрдү жүргүзөбүз”, – деп билдирди Дилбар Алимова.

“ПолитКлиника” 2013-жылдан баштап гезит катары чыгып келишсе, 2017-жылы https://pk.kg/ дареги боюнча сайт ишке берилген. Басылманын кабарчылары алгачкылардан болуп, саясатчылардын чыныгы мүлктөрү тууралу декларацияларды салыштырууну баштаган. Бул басылма, өз кезегенде, кыргыз тилиндеги көптөгөн иликтөөлөрдү чыгарышкан. Алардын материалдарын көптөгөн башка ЖМКлар кайра басып чыгарып келишкен.

Азамат Касыбеков,
“Журналисттер” КБнын Бишкек ш. жана Чүй областы боюнча өкүлү

Окшош посттор

“Праздники Пьяного Блоггера” – конкурс для журналистов и блоггеров с призами от @LinguaLeo

admin
25.06.2012

Массалык маалымат каражаттарынын арасында өткөн “Мугалим кесиби” сынагы 31-мартка чейин узартылды

admin
25.02.2019

Reuters предлагает стипендии для участия в семинаре по деловой журналистике

admin
22.11.2012